www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров мамлекеттик сапардын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий эс алуу жана башка тармактардагы алаканы өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болгон.

Жапаров Өзбекстанда фармацевтика тармагынын өнүгүп келе жатканына баа берип, Кыргызстанда дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, ал өнөр жай кооперациясы жаатында кызматташууну айтып, биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү долбоорлорун чогуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчы чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган кыргыз-өзбек ишкерлер кеңешинин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында өткөн.

Өзбек премьери Кыргызстан менен ынак коңшулук мамилелерге токтолуп, мамлекет башчыларынын тарыхый жолугушуусунда кыргыз өкмөтү менен жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга толук даяр экенин белгилеген.  Арипов эки элдин кылымдардан бери келаткан тарыхый жана маданий жалпылыктары эки өлкө мамилелерин жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болуп жатканын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости