www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардык сот Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тартты

Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруудан баш тартты.

Белгилей кетсек, буга чейин адвокаттар мурдагы президенттин бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылышкан.

«Ишти караган судья Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча арызды канааттандырган жок. Ал 7-апрелге чейин камакта калды», - деп билдирди жактоочу Жоошев.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти караган Биринчи май райондук соту Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн 7-апрелге чейин узарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости