www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо маселеси талкууланды.
Жыйында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Андан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкү участоктор Кыргыз Республикасына өтүүдө: Гавасай — 12 849 га, Көк-Серек — 105 га, Баястан — 212 га, Унгар-Тоо — 35 га, Кара-Белес — 25 га, Ак-Таш — 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү — 19,5 га.
Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын 4485 гектар жери Өзбекстандын карамагында калат. Суу сактагычты эки өлкө биргелешип башкарат. Кыргыз Республикасынын жарандары сууга тоскоолдуксуз кире алат. Өзбек тарап суунун жээгин тоспошу керек.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
- «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишими»:
«Макул» — 64, «каршы» — 19. Каттоодон 83 депутат өткөн. «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу»:
«Макул» — 65, «каршы» — 18. Каттоодон 83 депутат өткөн.
Булак: NazarNews.kg