www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр биз бүтүн Кыргызстан эмеспиз, жарты Кыргызстанбыз. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Колдоп берген депутаттарга терең ыраазычылык билдирем. Тарыхый учурда биз менен бирге болуп, жоопкерчиликти моюнга алып, Өзбекстан менен чек арага чекит койдук. Эми Тажикстан менен чек ара тилкелерди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо, жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз. Биз кошуна төрт өлкө менен тең ынтымакта жашашыбыз керек. Бир дагы жараныбыз, бир дагы жоокерибиз каза болбошу керек. Биринчи кезекте ушуга басым жасоо абзел. 

Буга чейин 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миң чарчы чакырымдан ашыгыраак болуп, картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да чек ара маселесин чечебиз. Биз ошондо Кыргызстан бүтүн Кыргызстан, коопсуз Кыргызстан деп айтсак болот. Азыр биз жарты Кыргызстанбыз, бүтүн Кыргызстан эмеспиз. 30 жылдан бери жерибизди кескилеп бере беришип, жарты кылып салышкан. Биз азыр кайра кайтарып бүтүн кылып жатабыз. Чек араларды чечкенден кийин, ратификацияга кол коюлгандан кийин, биздин эле өлкөдө эмес, жалпы Орто Азия өлкөлөрүндө тынчтык орнойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости