www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чек араны өзгөртүү боюнча мыйзамдар 3 окуудан кем эмес каралат, ар бир окуунун ортосунда 10 күндөн кем эмес, 30 күндөн ашык эмес убакыт өтөт деп турат. Ал жерде 10 секунд деп турган жок. Бул дагы менин талабым эмес, урматтуу жакылар, бул - регламенттин талабы. Азыр мамлекеттик чек ара тууралуу мыйзам өзгөрүп жатат. Мамлекеттик чек араны өзгөртүү боюнча мыйзамдар үчтөн кем эмес, керек болсо төртүнчү окууга барат деп турат. Карап көрүңүздөр.
Эмне үчүн мыйзам чыгаруучу ушундай оор процедураны киргизип койгон? Чек арага шашпагыла, тыкыр изилдеп чыккыла деген.
Ал эми азыр чек араны чечкендер мен үчүн баатыр деп көп киши айтты. Мен Кытай менен чек араны чечип койгон депутаттардын, анда 105 депутат элек, Казакстан менен чек араны чечкен 90 депутатка дагы «Кыргыз Эл Баатыры» деген наам берип коюшуңуздарды сунуштайм. Аларды тепкилей бербей, араңарга кошуп алгыла», - деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча макулдашууну жактырды.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен төмөнкү участоктор Кыргыз Республикасына өтүүдө: Гавасай — 12 849 га, Көк-Серек — 105 га, Баястан — 212 га, Унгар-Тоо — 35 га, Кара-Белес — 25 га, Ак-Таш — 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү — 19,5 га.
Ал эми Кемпирабад суу сактагычынын 4485 гектар жери Өзбекстандын карамагында калат. Суу сактагычты эки өлкө биргелешип башкарат. Кыргыз Республикасынын жарандары сууга тоскоолдуксуз кире алат. Өзбек тарап суунун жээгин тоспошу керек.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы:
- «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишими»:
«Макул» — 64, «каршы» — 19. Каттоодон 83 депутат өткөн. «2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу»:
«Макул» — 65, «каршы» — 18. Каттоодон 83 депутат өткөн.
Булак: NazarNews.kg