www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө бир катар мамлекеттерди камтыган Борбордук Азиядагы АКШнын аскердик машыгуулары америкалыктарга аскердик операциялардын потенциалдуу театрларын изилдөө, буталарды жана карталарды тактоо үчүн зарыл. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдирди.
Кечээ, 23-августта «Аргументы и факты» гезитинде Патрушевдин ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын Ташкентте 19-августта өткөн жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн буга чейин жарыяланбаган бөлүктөрү жарыяланды.
Бул жерде 10-августта Тажикстанда АКШнын командачылыгы астында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия жана Пакистандын аскер кызматкерлеринин катышуусунда башталган «Аймактык кызматташтык-2022» машыгуусу тууралуу сөз болуп жатат.
«Мен биздин өнөктөштөрүбүздү эске салгым келет, америкалыктарга мындай иш-чаралар биринчи кезекте потенциалдуу операциялардын театрын изилдөө, болочок буталардын координаттарын тактоо жана жогорку тактыктагы курал-жарактар үчүн санариптик карталарды тууралоо үчүн керек. ШКУнун бардык мүчө-мамлекеттери Американын бул демилгелери биздин коопсуздугубузга чоң коркунуч туудуруп жатканын эми түшүнөт деп ишенем», - деди Патрушев.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, Вашингтон Ооганстандын коңшу өлкөлөрү менен ал жерде антитеррордук операциялар үчүн убактылуу инфраструктураны түзүү боюнча макулдашууга жетишүү аракетинен баш тартпайт. Москва «Аймактык кызматташтык – 2022» машыгууларына ушул өңүттөн карайт.
Белгилей кетсек, ШКУнун саммити 15-16-сентябрга белгиленген. Учурда уюмга Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу өлкөлөр - Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр - Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. Соңку мезгилде көптөгөн мамлекеттер ШКУга кирүү каалоолорун билдиришүүдө. Тактап айтканда, Самарканддагы саммитте Ирандын кошулуу жол-жобосу аяктап, Египет, Катар жана Сауд Арабияга диалог боюнча өнөктөш макамы ыйгарылары күтүлүүдө. Беларустун ШКУга толук кандуу мүчө катары кирүү өтүнүчү да иликтенип жатат.
Булак: NazarNews.kg