www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын бийлиги украин качкындарынын өлкөдө калуусу боюнча мыйзамды катаалдаштырууну пландоодо. Бул тууралуу Euractiv кабарлады.
Жаңы шарттарда качкындар өздөрүн багуу боюнча чыгымдардын бир бөлүгүн жабуу каралган. Гезиттин маалыматына караганда, Украинанын айрым жарандарына атайын PESEL идентификациялык номурлары берилет, бул алардын социалдык жөлөкпулдарды алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Мисалы, балдарга ай сайын 500 злот (104 евро) жөлөкпул.
Буга чейин Польша украиналык качкындарга жардам көрсөтүүгө 5,5 миллиард злотый (бир миллиард доллардан ашык) сарптаганы белгилүү болгон жана өкмөт өлкө ири өлчөмдөгү төлөмдөрдү көтөрө албайт деп эсептейт.
Бийлик мартта кабыл алынган атайын мыйзамдын негизинде Украинадан келген качкындарга каржылык жардам көрсөтүү экономиканын оорлошуп жатканын моюнга алууда. Мындан тышкары, изилдөөлөргө ылайык, жардам көрсөтүүнүн оптималдуу мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш – бул убакыттан кийин адамдардын эмгек рыногуна кайтып келиши жана каржылык жактан көз карандысыз болушу кыйын.
Булак: NazarNews.kg