www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Донецк жана Луганск облустарындагы украин ишканаларын «улутташтыргандарга» карата санкцияларды кеңейтүүнү талап кылат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Петр Порошенко Киевде Улуу Британия жана Польша ТИМ башчылары Борис Жонсон жана Витольд Ващчиковский менен жолугушкан маалда билдирди.

Анын айтымында, өлкө чыгышындагы украин активдерин конфискациялап жаткандарга карата эл аралык жана украин мыйзамдарын бузгандыгы үчүн санкциялар киргизилиши керек.

Порошенко Орусия өздөрүн «ДНР» жана «ЛНР» деп атап алган аймактардын документтерин тааныгандан сырткары, эми иш жүзүндө оккупацияланган аймактагы мамлекеттик жана жеке жактарга тиешелүү болгон украин активдерин конфискациялаганын белгиледи. Айтымында, бул Орусия тараптан Украина чыгышынын оккупациялангандыгынын дагы бир далили.

Порошенко мындай аракеттер аталган облустар «рубль аймагына» киргизилип, газ менен электр энергиясы Орусиядан алынып келинип, түз бюджеттик трансферлер киргизилген шартта көрүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин өздөрүн Донецк жана Луганск элдик республикалары деп атап алган аймактардын башчылары андагы Украинанын карамагындагы ишканаларды өз көзөмөлүнө алып, 1-марттан тарта алар «ДНР» менен «ЛНРдин» башкаруусуна өтө турганын билдиришкен

Булак: "centralasian.org"

Последние новости