www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман бийлик 3,5 миң мамлекеттик ишкананы аукцион аркылуу сатууну көздөп жатканын билдирди. Өкмөт башчы сынактар болушунча ачык өткөрүлүшү керектигин белгиледи.

"Үч жарым миңден ашык мамлекеттик ишкананын көбүн эркин базарга берип, менчиктештирүү керек. Бул атаандаштыкты жаратат. Мамлекеттик ишканалардын көбү – алардын директорлору үчүн акча табуу булагы. Алар биздин көзөмөлдө болбошу керек", — деди ал.

Гройсман мамлекеттин менчигиндеги ишканаларды сатуу боюнча буга чейинки аракеттер жөн гана тартып алуу болгон деп эсептейт. Айтымында, анда ишканалар сатыкка коюлганда аткарууга мүмкүн болбогон талаптар коюлган. "Алсак, ишкананы бул тармакта жүз жылдык тажрыйбага ээ болгон гана инвестор сатып алат деген талап коюшкан. Ал талаптарга болсо бир гана сатып алуучу туура келип, ошол гана көрсөтүлгөн баада сатып алган. Эч кандай атаандаштык болгон эмес" — деди Гройсман.

Премьер-министр сатылгандан кийин мамлекет ал ишканалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөбөй турганын кошумчалады. Анын пикиринде, мындай шартта менчик ээлери ишканасын өнүктүрүүгө кызыктар болушат. Ошол эле маалда өкмөт башчы бийлик монополияны жөнгө салуу иштерин тийиштүү деңгээлде аткара албай жатканын белгиледи.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости