www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын премьер-министринин айыл жана суу чарба, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча орун басары Зойир Мирзаев кызматтан алынды. Ал кызматтан эгин талаасына суу келбей калганы үчүн Ташкент облусунун Аккурган районунда алты адамды арыкка тургузуп, "жазалаган" окуядан кийин бошотулду.

Ал арада Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Аккурган районунда алты кишини суу аккан арыкка салып, "жазалаган" окуя боюнча иликтөө жүргүзө баштады. 29-октябрда жарыяланган билдирүүдө бул ишке аралашкан аткаминерлер жоопко тартылаары айтылган.  Интернетте тараган сүрөт өзбек бийлик өкүлдөрүнүн өзүм билемдиги тууралуу талкууларга жем таштады. “Азаттыктын” өзбек кызматы билдиргендей, алты кишинин үчөө – Аккурган райондук администрациясынын кызматкерлери, бирөө – маале аксакалы, экөө – жергиликтүү фермер. Бул сүрөт 25-октябрда аймакка Өзбекстан вице-пермьер-министри Зоир Мирзаев келген күнү тартылган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости