www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкө жакырчылыкты толугу менен жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу ал Жакырчылык менен күрөшүү боюнча улуттук жылдык жыйында айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөдө абсолюттук жакырчылык жоюлган.
Си Цзиньпин өз жарандарын биргелешкен аракети үчүн мактап, бул учур Коммунисттик партиянын жүз жылдыгынын астында турган маанилүү жагдай экенин эске салды.
«Коммунисттик партия жакырчылыкты жоюуга багытталган улуттук аракеттин негизинде, акыркы 8 жылда кыштактарда жашаган 99 млн жакырдын турмушу оңолгон. Ошондой эле кедей деп эсептелген 832 уезд жана 128 миң кыштак да кедейлердин тизмесинен чыгарылды», - деди Си Цзиньпин.
Си Цзиньпин бул натыйжаны «тарыхта калууга арзый турган керемет» деп атады.
Булак: NazarNews.kg