www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга кайтуу керектигин айтып келесиз. Ага эмне үчүн кайтуу керек жана андан эмне табабыз?

- Адегенде, бул - мамлекетибиздин мыйзамдуулукка кайтуу жолу. Анткени, легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган Конституция эки жылдан ашык эл арасында талкууланып отуруп, эл аралык эксперттер жана лингвистика, тарых окумуштуулардын жардамы менен жазылган чыныгы элдик Баш мыйзам болгон. Ал Конситуциянын мыйзамдуулугу талашсыз. Ал эми легендарлуу парламент Конституцияны кабыл алгандан кийин, ага ылайык жаңы парламент шайланыш үчүн тараган. Бирок, легендарлуу парламент таркагандан кийин президент Аскар Акаев өзүнүн указы менен конституциялык кеңешмени чогултуп, ал кеңешмеге өзүнүн кишилерин дайындап, Конституцияга президенттин укугун кеңейтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизип, аны референдум аркылуу элге таңуулаган. Бул мыйзамсыз иш. 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияда «конституциялык кеңешме» деген түшүнүк да жок. Конституцияны бир өзгөртүү үчүн Жогорку Кеңештин төрттөн үч бөлүгү макул болушу керек эле (бирок парламент ал кезде жок, тарап кеткен), же болбосо элдик демилге топтолуп, кайра кароону Жогорку Кеңеш гана дайындаш керек эле. Акаев мына ушундай көз боёмочулукка барып, мыйзамдуу жолдон туура эмес жакка кайрыган. Мындан кийин биздин мамлекет мыйзамдуу жолго кайткан эмес.

- Азыркы Конституциянын алмашылышы, иштелип чыгуусу, негизи эле баардык тараптан алганда мыйзамсыз демилге болуп калдыбы? Эгер ал кабыл алынса, кандай мүчүлүштүктөр орун алышы мүмкүн?

- Бул Конституцияны киргизүү дагы мыйзамсыз болуп калды. Анткени, бул бийлик да так эле ошондой, Акаев баштаган жолго түштү. Президенттин указы менен кайра эле баягы мыйзамсыз конституциялык кеңешме чогултулду. Ошондой эле, мыйзамсыз сунуштар, мыйзамсыз иш-аракеттер болууда. Эл менен кеңешпей да коюшту. Ошол конституциялык кеңешмеге кишилер кандай негизде дайындалды? Бирөөлөр аларды тандадыбы же шайладыбы? Элдин арасында шайлоо болдубу, «Конституция жазганы барсын» деп? Бул биздин мамлекетибиздин укуктуулугуна жана мыйзамдуулугуна оор сокку дегенди билдирет. Мыйзамдуулукту мыйзамсыз жол менен орноштуруу мүмкүн эмес. Жөн эле карандай күчкө салып, жеке тааныштык менен шашылыш түрдө кабыл алган Баш мыйзам иштебейт. Анын негизинде кызыкчылык гана иштеп калат. Бир саясий күч мамлекеттеги бийликти толугу менен узурпациялоодо.

- Сунушталып жаткан Конституция долбоору учурда Жогорку Кеңеште каралып жатпайбы. Депутаттар дагы аны шашылыш түрдө жактырып, кабыл алып беришеби же?..

- Бул саясатчылар кычыган талаада канча жылдан бери келе жатышат. Булардын өз кызыкчылыктары бар. Анткени алар Ак үйдүн мафиясы болуп алышкан. Аларга президенттик башкаруубу, парламенттик башкаруубу, айырмасы жок. Бул мафиянын башы алмашса алмаша берсин, денеси алмашпайт. Бүгүн бирөөсү келет, эртен башка баш болсун, булардын кылган иши баары бир эле нерсе - Кыргызстанды талап-тоноо.

Бир канча саясатчылардан турган бул мафия эртең башка киши келсе дагы анын башын айлантып, салган жолдон кайтпай кете беришет. Азыркы Ак үйдү бийлеген саясатчылар булар - аферисттер жана жемкорлор. Ошон үчүн бийлик канча алмашса дагы, булар баягы эле ишин кылып келе жатышат. Бул мафиянын өзөгү Ак үйдө терең отурукташып калган.

- Эл президенттик башкаруу системасын тандап алды. Башкаруунун бул формасы жөнүндө пикириңиз кандай?

- Өткөн референдум - бул чындыгында ачык эле көз боёмочулук.

- Мамлекеттин башкаруу формасы деген эмне?

- Белгилүү болгондой, учурда эң көп кездешкен мамлекеттин башкаруу формалары бул - республика жана монархия. Биздин мамлекеттик башкаруу формабыз республикалык. Демек, ушул жылдын 10-январында болуп өткөн референдумда бизден, Кыргыз Республикасынын жарандарынан, «кандай башкаруу формасын тандоо референдуму» деп туруп, такыр эле башка нерсени (мамлекеттик башкаруу аппаратынын түзүмүн) сурап алышты. Президент тарапчылдар өздөрүнө көп бийликти сурап алышты. Эгер мамлекеттик башкаруу формасы деп туруп, «республикабы же монархиябы?» деп сураса, анда башкача болмок.

Макул, терминдер тараптан бийлик аксап турса дагы, «мамлекеттик башкаруу формасы» деп бизге эки гана түзүмдү сунушташты: республиканын президенттик башкаруу түзүмүн же парламенттик башкаруу түзүмүн сурашты. Бирок мурда айтып өткөндөй, республиканын аралаш түзүмү тууралуу сурашкан жок. Же ак, же кара деп туруп алышты. Эмнеси кара, эмнеси ак?

Мындан тышкары, шайлоочулардын кайдыгерлиги. Жартысынан көбү референдумга коюлган суроо боюнча өз ойлорун билдирген да жок, же билдирбей коюшту. Бул - мамлекеттин сурамжылоосуна ишеними жок дегенди билдирет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости