www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Р. Т. Эрдоган Түркияны дүйнөнүн эң ири 10 экономикасынын бири кылуу үчүн күнү-түнү иштеп максаттарына жетишерин айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Президент Эрдоган Стамбулдагы Халич Конгресс Борборунда Экономикалык реформа пакетин жарыялады. Ушуга караганда карыздар түрк лирасына болот. Коомдук башкарууларда үнөмдөө жөнүндө түшүнүктү кеңейте турган жоболор ишке ашырылат. Чакан ишкана ээлери салыктан бошотулат. 7 күн 24 саат кызмат кыла турган Түркия санариптик салык мекемеси ишке ашырылат.
Инфляцияга каршы күрөшүүнүн алкагында азык-түлүк жоготууларын жана ысырапкорчулукту азайтуу максатында талаада жана базарларда калган жашылча-жемиштерди базарга алып чыгуу механизмдери иштелип чыгат. Санариптик айыл чарба базарынын жардамы менен, бардык көлөмдөгү дыйкандар өз продукцияларына базарга чыгара алышат.
Эрте эскертүү системасы аркылуу азык-түлүк чынжыры толугу менен өндүрүш, дүң жана чекене сатыкта көзөмөлдөнүп турат. Инфляцияга коркунуч келтирүүчү структуралык шоктор каралып чыгып, керектүү саясатты аныктоо жана башкаруу үчүн Баа туруктуулугу боюнча комитет түзүлөт.
Иштетилбеген тамак - аш бааларындагы ортомчу бааларды төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлөт. Санариптик акчанын экономикалык, технологиялык жана укуктук инфраструктурасын түзүү боюнча чаралар көрүлөт.
Жеке пенсиялык системасы кеңири аудиторияга жайылтылып, 18 жашка чейинки балдардын системага киришиндеги тоскоолдуктар жоюлат.Тармакта потенциалды жогорулатуу жана атаандаштык күчтү кийинки баскычка көтөрүү боюнча кадамдар ташталат.
Инновациялык жана күчтүү саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү максатында, президенттин алдында саламаттыкты сактоо тармактарында башкармалык түзүлөт. Президенттиктин алдында программалоо, камсыздоо жана техникалык жабдуу өнөр жайынын башкармалыгы түзүлөт.
Электр энергиясын сактоочу жайларды түзүү боюнча мыйзамдык инфраструктура акырына чыгат жана тышкы энергияга көз карандылыкты азайтуучу саясат жүзөгө ашырылат. Экспорттук продукциялардын ылдам жана арзаныраак базарларга жетиши үчүн өлкө тышында логистикалык борборлор курулат. Келечектеги кесиптер боюнча жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн колдоо кайрадан каралат.
Ковид - 19 эпидемиясынын жумуш менен камсыз кылуу базарларына келтирген зыянын жоюу максатында иш менен камсыз кылууга карата кошумча каржылоону колдоо деген аталышта жаңы колдоо модели киргизилет. Фирмаларга жумуш менен камсыз кылуу насыясы берилет.
Өлкө тышына маалымат берүүгө карата Европа Биримдигинин киргизе турган түзөтүүлөрү менен шайкеш түрдө Жеке маалыматтардын коргоого алынышы мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет.
Чекене соода жүгүртүүдөгү адилетсиз соода тажрыйбасын жоюу максатында, Европа Биримдигинин мыйзамдарына ылайык жаңы жоболор кабыл алынат. Керектөөчүнү коргоо жана рынокто адилетсиз атаандаштыкты алдын алуу максатында, көз карандысыз Көзөмөлдөө жана Инспекция Агенттиги түзүлөт.