Президент Садыр Жапаровдун кыргыз элине кайрылуусу
Расмий кабарлар  |   |  1450

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу калайык калкым!

Киндик каны тамган Ала-Тоосунан алыста, чет жерде, чет өлкөлөрдө жашап жаткан бир боор агайын-тууган, эже-карындаштарым!

Мен бүгүн тагдырдын буйругу, эл-журтумдун эрки менен алдыңарда туруп, Башмыйзамга — Конституцияга кол койдум!

Силердин ар бириңерге, жаш-кары дебей ар бир уул-кызыбызга кайрылып жатамын!

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуяларга күбө болдук.

Тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү.

Ушул окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына көңүл айтамын.

Жана ушуга байланыштуу бир мүнөттүк аза күтүүнү сунуштаймын.

Бул окуялардын жүрүшүндө жабыр тарткан жарандарыбыз мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынат, жабыркаган айыл-кыштактарды тез аранын ичинде калыбына келтиребиз.

Атпай журт айттырбай туюп, көрүп-билгенди мен да байкап, көрүп-билип турам.

Ошол эле учурда, азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес.

Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым.

Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат.

Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт.

Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет.

Биз эгемендүүлүккө жетишкен жылдары оңго-солго урунуп, изденүүнүн жолунда болдук.

Бирок тарых тарабынан бизге изденүү үчүн чегерилген убакыт аяктады.

Кудай буюрса, бул кыйынчылыктан да жолун таап чыгып кетебиз.

Болгону күнү-түнү дебей талыкпай эмгектенели.

Бүгүнкү кайрылуу менен калк алдына чыгардан оболу, эл-журт, ошонун ичинде экономика тармактарындагы адистер, ардагерлер менен ондогон жолугушууларды өткөрдүм.

Карапайым элдин, жумурай журттун ой-санаасын, өлкөбүздөгү окуяларга карата көз карашын билгим келди.

Андыктан, азыркы кайрылуумду коллективдүү ой-толгоонун корутундусу, эл-журттун үмүт-тилегинин жалпылаштырылган жобосу деп атасак да жарашат.

Президент катары менин убактым өтө аз экенин жакшы түшүнүп турамын.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн соң биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот:

— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болушу;

— коомубуздун чар-жайыттыгы;

— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;

— экономика чабал;

— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.

Урматтуу кыргызстандыктар, кыргыз элим!

Былтыркы жылы мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду.

Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү!

Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3 пайызды түздү!

Ал эми, жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти!

Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз — энергетика жана тоо-кен тармактары жабыркады.

Айыл-чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай, өнүмдүүлүгү төмөн.

Экономикалык кыйын кырдаал элибиздин социалдык абалын күн санап оорлотууда.

Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп, алдыга карай иш-аракеттирибизди күчөтүшүбүз керек.

Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна жөнөтүлөт.

Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат.

Анткени, административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен, добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды.

Мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылабыз.

Буга күчүбүз да, эркибиз да жетет.

Боршайком жергиликтүү шайлоолор боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем.

Биз добуш сатып алуу жолу менен шайланып келүү мүмкүн эмес экенин эскертип, мындан ары элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек.

Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл.

Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү.

Ал эми Өкмөт менен Улуттук банктын алдындагы эң чоң милдеттердин бири — экономиканы капитал менен камсыздоо.

Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө.

Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Экинчи шарты, вакцинация маселеси.

Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат.

Өкмөттүн алдындагы үчүнчү милдет — азык-түлүк товарларынын кымбаттап жатышына жол бербөө.

Калкты социалдык жактан маанилүү товарлар менен камсыздоо маселесин өкмөт көз жаздымда калтырбай, бааларды тез арада жөнгө салсын.

Антикризистик саясаттын кийинки өңүтү — чечимдер тез кабыл алынып, ыкчам аткарылышы керек.

Министрлер кабинетинен чукул кырдаалдын режиминде, күнү-түнү иштөөсүн талап кылам!

Антикризистик режимдин шартында иштөөнү жергиликтүү бийликтерден да талап кыламын.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу калайык калкым!

Эгерде биз жүүнү бош, дарамети тайыз мажүрөө эл болсок, анда тарыхтын тегирменинде калып, ың-жыңсыз жоголгон эчендеген элдер сыяктуу эле эбак атыбыз өчүп, жок болмокпуз.

Бирок биз кең Евразиянын мейкиндиктеринде, ондогон кылымдар бою „кыргыз“ экенибизди унутпай, жемибизди жедирбей, өз шыбагабызды көшөрүп талашкан өжөр элбиз.

Цивилизациялар чектешкен, түркүн маданияттар ашташкан жердин чок ортосунда жашап жатабыз.

Демек, кыргыз ааламын таанып, өз жолубузду, башкача айтканда, экономикалык моделибиздин өзүбүзгө ылайык ыгын табуу зарыл.

Ийри отуруп, түз кеңешип, алдыбыздагы ушул улуу мүдөө-максаттын оош-кыйыш маселелерин талкуулап алуу үчүн эгемендүүлүктүн отуз жылдыгынын алдында кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрүүнү эп көрүп турам.

Ар бир эл өзү аздектеп ардактаган дөөлөттөрдүн негизинде гана өз турмушун уюштурат. Биздин элде эзелден туу тутуп жашаган эки баалуулук бар, алар — эркиндик жана акыйкаттык.

Баарыбыз чогуу жакында эле анык көрдүк, күн сайын көрүп жатабыз — эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес.

Биз „табигый башкаруу“, „улутубуздун табиятына жараша башкаруу“ концепциясын киргизебиз.

Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын-ала макулдашып алуу.

Дал ушул себептен улам биз Конституцияга Курултай институтун киргиздик.

Бүгүнкү кабыл алынган Конституцияга ылайык, кадр саясатынын эффективдүүлүгү үчүн жана мамлекеттик кызматкерлерге социалдык пакеттердин каралышын эске алуу менен "Келечек" программасын иштеп чыгып, жакынкы арада сунуштоону тапшырам.

Кыска мөөнөттүн ичинде жалпы мамлекеттик аппараттын ишин кайра карап, түп-тамырынан бери реформалап, кесипкөй жана коомдун кызыкчылыктары үчүн кызмат кылууга ылайыкталган аткаруу бийлигинин системасынын жаңы моделин курабыз.

Биздин республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө көз карашымды билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Биз экономикалык реформаларды жүргүзөбүз, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз.

Баарын камтыган элемент катары санариптештирүүнү жүзөгө ашырабыз.

Биринчиден, биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз.

Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз.

Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, капиталдын эркин жүгүртүлүшү камсыздалат.

Башкарууну жакшыртууга, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана санариптештирүүгө, салык жүгүн төмөндөтүүгө жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган фискалдык системаны реформалоо ишке ашырылат.

Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз!

Андыктан, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизебиз.

Экинчиден, бизнестин сот системасынын калыстыгына, адилеттүүлүгүнө жана объективдүүлүгүнө ишениши маанилүү.

Пландалып жаткан соттук реформанын алкагында жеке менчик укугун коргоо күчөтүлөт жана третейдик сот интситуту өнүктүрүлөт.

Үчүнчүдөн, биз тышкы соода структурасын сапаттуу өзгөртүүнү жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну камсыздашыбыз керек.

Тышкы соода операцияларын жүргүзүү бизнес үчүн ыңгайлуу, тез жана жөнөкөй болот.

Ошондой эле, транспорттук-логистикалык интеграцияны камсыз кылуу, ата мекендик продукциянын сыртка чыгуудагы көйгөйлөрүн чечүү маанилүү.

Республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык темир жолдорго интеграцияланган темир жол системасынын жоктугунан өлкөбүздүн транзиттик потенциалы өнүкпөй жатат.

Андыктан, "Бир алкак — бир жол" долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашырууну тездетебиз.

Биз заманбап шарттары бар мульти модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз.

Ага жер бөлүп беребиз.

Төртүнчүдөн, экономикага түз инвестицияларды тартуу керек.

Ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосун өөрчүтүү зарыл.

Бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, ошондуктан жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана инфраструктуралык базаларды калыбына келтирүү үчүн түз инвестицияларды жана сырткы жардамдарды тартуу маанилүү.

Бул кадамдардын мамлекеттин стратегиялык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келиши абзел.

Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.

Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады.

Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү.

Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек.

Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек.

Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм.

Жогоруда аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Энергетика сектору ири инвестицияларды талап кылган технологиялык модернизацияга муктаж.

Максатыбыз: электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоону камсыз кылуу.

Энергияны керектөөнүн өсүшү жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү жана энергиянын башка, экологиялык жактан таза түрлөрүн пайдаланууну талап кылат.

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жер реформасын жүргүзүү жана жер ресурстарын башкарууну модернизациялоо талап кылынат.

Жерлерди башкаруу институттарын чыңдап, жер рыногун калыптандырууну аягына чыгаруубуз зарыл.

Республиканын жер фондун инвентаризациялоо, жер кадастрын жаңылоо жүргүзүлөт.

Айыл чарба секторунда реформанын стратегиялык максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Экономиканын дагы бир стратегиялык сектору кен байлыктарды иштетүү өнөр жайы.

Бул тармакты өнүктүрүү улуттук мыйзамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоонун, кен чыккан жерлерди рационалдуу иштетүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Мындан ары кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттик үлүш каралышы керек.

Кен байлыктарды иштетүү тармагындагы инвестициялык саясатта өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого басым жасалат, ал эми эл аралык капиталды тартуу үчүн Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт, ал компания мамлекеттин активдерин башкарат.

Бирок экономика кен байлыктарды пайдалануу жана стратегиялык салттуу тармактардын эсебинен гана өнүкпөшү керек.

Азыркы заманда илимге таянган алдыңкы технологияларга жана инновациялык өндүрүшкө инвестиция салуу өтө актуалдуу.

Атаандаштык күчөгөн, анан калса тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономиканын шартында креативдүү идеялардын мааниси чоң.

Учурда өлкөдөн чыкпай туруп эле каалаган дүйнөлүк компанияларга онлайн иштеп, өзүңө да, өлкөгө да пайда келтирсең болот.

Мисал катары айта кетейин, Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жаткан жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси 5 жыл ичинде ондогон эсеге өскөн.

Алардын кызматын пайдаланган кардарлар дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү.

Мамлекет мындай демилгелерди көбүрөөк колдоого жана алардын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Жаштарды колдоого алсак алардын креативдүү потенциалын ачууга жана дүйнө жүзүндө талап кылынган инновациялык продуктулардын генерациясына түрткү берген болобуз.

Ошол эле учурда, экономика жаратылыш ресурстарына көз каранды.

Акыркы жылдары жаратылыш бизге суунун түгөнгүс байлык эмес экендигин дагы бир жолу эске салды.

Климаттын өзгөрүү тенденциясы мөңгүлөр эрип, алардын аянтынын кыскарышы менен байланыштуу.

Сууну керектөөнү оптималдаштыруу максатында сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, инфраструктураны калыбына келтирүү, суу коллекторлорун куруу зарыл.

Бул багытта Глобалдык экологиялык жана климаттык фонддордун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга аракет жасашыбыз керек.

"Өнүгүү ресурстары" улуттук программасынын алкагында, суу маселесинин үстүндө олуттуу иш жүргүзүү зарыл.

Биз ар дайым мамлекеттин көңүлү адамга бурулушу керек деп айтып келебиз.

Ошол эле учурда, адам коомсуз жана коомдон тышкары жашай албайт.

Адамдын приоритети — бул өзүнүн эркин экенин, корголгонун, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин сезиши керек.

Үй-бүлө — коомдун негизи.

Өлкөнү өзгөртүүнү үй-бүлөдөн баштообуз зарыл.

Салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдеп, нарктуулугубузду сактап калуубуз керек.

Ааламдашуунун шарттарында өз жүзүбүздү сактап калуу эң маанилүү милдеттерибиздин бири.

Ушуга байланыштуу дагы бир маанилүү кадам жасап, Конституцияга ушул маселелер менен да алектене турган Мамлекеттик катчы институтун атайын киргиздик.

Алдыбызда кыргыздын философиялык-тарыхый мектебин, тарыхый жана маданий мурастардын платформасын түзүү маселелери турат.

Бүгүнкү күндө 100гө жакын этностун жана этностук коомчулуктардын өкүлдөрү жашап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошуп келе жатат.

Биздин негизги ураан: "Бирдиктүү эл — өнүккөн өлкө!".

Мамлекетибизде диний көп түрдүүлүк да орун алган, учурда 30дан ашык конфессиянын өкүлдөрү бар.

Мамлекет дин менен кызматташып, коомубуздун келечекте тынч жана бакубат өнүгүүсүн камсыздашы кажет.

Ар бир жарандын башка жарандардын ишенимин сыйлоо маданиятын өздөштүрүшү келечек үчүн маанилүү.

Элибиздин биримдигин, ынтымагын камсыздоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири.

 

Баарынан мурун аялдардын өзгөчө ролун баса белгилегим келип турат.

Заманбап билим берүү жана балдарды кароо системалары аялдарды үй иштеринен бошотот.

Бирок аялзатынын эң маанилүү функциясын, көзгө көрүнбөгөн ишин эч ким алмаштыра албайт.

Биз баалуулуктарды жараткан институт катары аялдардын коомдогу ролун жаңыртып, күчөтүшүбүз керек.

"Умай эне" культун калыбына келтирип, күчтүү муундун пайдубалын түптөө керек.

Ошол себептен эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны жана долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнү тапшырам.

Кыргызды дүйнөгө тааныткан акындык, төкмөлүк, манасчылык институттарын, мындан сырткары, улуттук көркөм өнөрдү, кыргыз адабияты менен киносун колдоого алып, өнүктүрүү зарыл.

Коомдук теле-радио корпорациясын реформалоо керек.

Сырттан маалыматтык технологияларды алып келүү аркылуу теле-радио корпорацияны Кыргызстанды тааныта турган глобалдык медиа-долбоорго айландырса болот.

Кыргыз дүйнөсүн сактап калууда кыргыз тилинин орду өзгөчө.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы мамлекеттик саясаттын милдеттүү элементи болот.

Кыргыз тили Кыргызстан элинин бардык өкүлдөрү үчүн интеграциянын жана коммуникациянын инструменти болууга тийиш.

Социалдык сектор мамлекеттин негизги жана приоритеттүү чөйрөсү болуп саналат, мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 50 пайыздан ашыгын түзөт.

Каржылоонун көбөйүшүнө карабастан, тилекке каршы, акыркы жылдарда кандайдыр бир кескин оңолуу байкалбайт.

Биз бюджеттик мыйзамдарды кайрадан карап чыгабыз.

Пандемия дээрлик бардык тармактарда, өзгөчө социалдык тармакта биздин системалуу көйгөйлөрдү ачык көрсөттү.

Дүйнө жүзү боюнча пандемия тез өзгөрүүлөрдүн катализатору болду.

Дүйнө онлайн ыкмасынын артыкчылыктарын түшүндү.

Кыргызстан бул процесстен четте калган жок, бирок биз техникалык жактан башка өлкөлөрдөн канчалык деңгээлде артта калганыбызды сезе алдык.

 

Оору-сыркоолордун алдын алуу үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорун бекемдөө жана модернизациялоо зарыл.

Бардык региондордо менчигинин түрүнө карабастан, заманбап диагностикалык борборлордун жана лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш.

Дары-дармек каражаттарына бааны жөнгө салуу механизмдерин киргизүүнү тапшырам.

Баса белгилеп кетейин, медицина кызматкерлеринин кадрдык потенциалын сактоо маселесин чечүү зарыл.

Биз бул багытта айлык маянаны көбөйтүү менен бир аз кадам жасадык.

Биз жалпы билим берүү системасын реформалашыбыз керек.

Экономиканын муктаждыктары үчүн иштеген, жаңы мезгилдин талаптарына ылайык болгон билим берүү системасын түзүүнү тапшырам.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мезгил талабына ылайык заманбап билимге жана жөндөмгө ээ болушу шарт.

Инновациялык ыкмаларды жана методологияларды колдонуу менен мектепке чейинки билим берүүдөгү кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү зарыл.

Салттуу балдар бакчалары менен катар эле балдарды өнүктүрүү борборлорун ишке киргизүү керек.

Адистештирилген „Кыргыз лицейлерин“ түзүү жолу менен өзүбүздүн улуттук моделди издеп, билим берүүнүн системасын кайра карап чыгуу зарыл.

Реформа мамлекет тарабынан билим берүүнү милдеттүү түрдө каржылоо системасын да өзгөртүүнү талап кылат.

Ар бир баланын жетишкендигине карап каржылоого өтүү, ваучердик системаны киргизүү керек.

Өлкө жарандарын арзан турак-жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Учурда турак-жай боюнча жаңы мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкты, анын максаты кыймылсыз мүлккө болгон бааны төмөндөтүү, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак-жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү.

Анализге ылайык, жакынкы алты жылда 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушун каржылоо үчүн мамлекеттик турак-жай фондун каржылоого 30 миллиард сом тартылат.

Коомго тобокелчиликтерди жана коркунучтарды туудурган, ыңгайсыздыкты жараткан ондогон факторлор бар.

Бирок мен мамлекеттик укук коргоо системасынын иш-аракеттеринен улам келип чыккан көрүнүштөргө гана токтолоюн.

Укук коргоо органдарынын жана сот системасынын иши бүгүнкү күндө адам укуктарына жана адам коопсуздугуна коркунуч келтирген тобокелчиликтердин негизги булагы болуп калды.

Сот системасы жана укук коргоо органдары кыргыз коомчулугунун негизги баалуулуктары болгон адилеттикти жана эркиндикти тебелеп-тепсешүүдө.

Мен эмне себептен мындай болуп жаткандыгынын эки негизги себебин көрүп турам.

Биринчиси, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун позициясын жана мамилесин алдын ала аныктаган, терең тамырлаган "күнөөлүү кишинин презумпциясы".

Алар болгон окуяны толук иликтебей туруп, алдындагы адамды дароо эле кылмышкер катары көрүп, дароо эле күнөөсүн далилдей башташат.

Андан соң сот өкүмү чыга электе эле пресс-маалыматтар адамдарга эң оор кылмыштар тагылып, айыпталып жатканын жазып, жарыялап чыгышат!

Тергөө иши күн мурунтан эле айыптоочу тарапта болбостон, ишти калыс иликтеп, сот адилеттүү болушу керек.

Ал эми экинчи себеби — тергөөчүдөн каалаган корутундуну, соттон болсо кандайдыр бир өкүмдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген коррупция.

Көп жылдардан бери укук коргоо органдарын, сотторду реформалоо жөнүндө айтылып келет, бирок ушул күнгө чейин бул кырдаалды өзгөртүү боюнча натыйжалуу иш жасалган жок.

Мыйзамдын үстөмдүгү орномоюн, биздин жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилмейин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү мүмкүн эмес.

Ошондуктан, биринчиден, укук коргоо системасын реформалоо эң оболу мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин арттырууга багытталууга тийиш.

Экинчиден, кадрдык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү жана өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу.

Жаранды негизсиз айыптаса, милиция кызматкерлеринин, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун жеке жоопкерчилигин, кылмыштык жана материалдык жоопкерчиликтерин аныктоо зарыл.

Өтө татаал болсо дагы баардык мыйзамдарды инвентаризациялоо башталды, ушул иш натыйжалуу болот деп ишенем, мамлекеттик органдарга аны сапаттуу аткарууну тапшырам.

Акыркы учурларда калктын аялуу катмарларына, айрыкча аялдарга, балдарга, ошондой эле менчикке кол салуу сыяктуу кылмыштар коомчулукта чоң резонансты жаратууда.

Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейм.

Ошондуктан мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырдым.

Ошону менен катар эле, майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча да ишти улантуубуз керек.

Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар.

Тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керек.

 

Кыргызстандын эл аралык мамилелердеги жалпы багытына токтоло кетейин.

Кыргыздар эзелтен ачык жана меймандос эл.

Биздин мамлекет бардык эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташууга умтулат.

Бирок өз кызыкчылыгыбызды эске алып, башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына урмат көрсөтүү менен мамиле жасаганыбыз табигый нерсе.

Коңшу өлкөлөр менен чек араларды тактоо маселеси ондогон жылдар бою чечилбей келе жатканы баарыбызга белгилүү.

Биз үстүбүздөгү жылы коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесинде бир бүтүмгө келебиз деген максатты койдук.

Андан тышкары, биз коңшуларыбызга транспорттук коридорлорду жана аба каттамдарын өнүктүрүү, чек арада экономикалык жана маданий байланыштарды өөрчүтүү, анын ичинде сууну пайдалануу сыяктуу бир катар мамлекеттер аралык долбоорлорду сунуштайлы деп жатабыз.

Бүгүнкү күндөгү алдыңкы жана конкреттүү тышкы саясат долбоору саналган Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташууну тереңдетебиз.

Биз эки тараптуу форматта, мамлекет башчыларынын Борбор Азиядагы жолугушууларынын, ошондой эле 5+1 форматтарынын алкагында иш алып барабыз деген ойдобуз.

Салттуу тышкы саясий иш-чаралар менен катар эле, биз өнүгүүнүн тышкы ресурстарын колдонууга багытталган атайын программаны ишке киргизүүнү көздөп жатабыз.

Кыргызстандыктардын дүйнөлүк алдыңкы университеттерде билим алуу жана чет өлкөлүк адистердин Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсек дейбиз.

"Кыргыз Ааламы" улуттук программасы иштелип чыгып, бул долбоорго өзгөчө маани берилет.

Бул долбоор — өлкөдө жана чет жакта жашаган кыргыздардын маданий интеграциясын сактоо жана бекемдөө, кыргыздар жашаган тарыхый аймактар менен маданий-экономикалык байланыштарын өнүктүрүү долбоору.

Жогоруда белгилегенимдей, биз кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүү тажрыйбасын жана кыргыз форумунун туруктуу иштөө механизмдерин жандандырабыз.

Ошол эле убакта, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдеп, экстремизм менен терроризмдин жана эл аралык кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрөбүз.

Куралдуу Күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруубуз зарыл.

Муну армиянын реформасы деп атасак да болот.

Анын эки негизги багытына токтолоюн.

Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруубуз керек.

Экинчи жагынан, биз "элдик кошуундарды" түзүүгө өтөбүз.

Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Башкаруу системасын өзгөртпөсөк, анда биз аныктаган иш-аракеттердин планы ишке ашпайт.

Жаңы Башмыйзам мындай өзгөрүүнүн пайдубалын түптөдү.

Президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө, жакынкы арада жоюлат.

Аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болот:

1 Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурат.

2 Коопсуздук Кеңеши коопсуздукту камсыз кыла турган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот.

3 Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт.

Бул түзүм, стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле улуттук программаларды көзөмөлдөө менен алектенет.

4 Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз.

Бул багытта Мамлекеттик катчы иш алып барат.

Анын иш-милдеттерине идеология, таалим-тарбия, жарандык коом менен өз ара кызматташуу, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маселелери кирет.

Бүгүн мен кыскача айткан сунуштар менен көрсөтмөлөр Президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган.

Өнүгүү стратегиябыз даяр.

Мен аны министрлер кабинетине тапшырам, министрлер кабинети стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Мен жыл сайын жалпы элдик курултайдын алдында Президенттин иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө отчет берип турууга ниеттенип жатам.

Элибиздин татыктуу жашоосун, алардын коопсуздугу менен укуктарын камсыз кыла алабыз деген бекем ишенимдемин.

Биз сиздер менен мамлекеттин саясий турмушун гана турукташтырбастан, экономиканы, коомдун жашоосун жакшыртууга умтулабыз.

Жаркын келечекке карай аракеттенүү процесси башталды!

Коомдун бардык тармактарынын, жалпы кыргыз элинин колдоосуна ишенем.

Жалпы элибиз менен бирдикте, эл талап кылган иш-чараларды аткарууга менин күчүм жана эрким жетет.

Биздин сапар — келечекке, татыктуу жашоого, өсүп-өнүгүүгө карай улуу сапар деп терең ишенем.

Мындай улуу мүдөө-максатты кыргыз эли өз тарыхында бир эмес, бир нече жолу ишке ашырган.

Биз дагы сиздер менен биргеликте бул максатты ишке ашырабыз.

Ылайым Жараткан жар болуп,

Кыргызстан тез өнүгүү жолуна түшүп,

өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсун!"

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями