www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү  өрт кырсыгына байланыштуу Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү  өрт кырсыгына байланыштуу бүгүн, 16-апрелде Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты.

«Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү  өрт кырсыгы жөнүндө кабарды  терең кайгыруу менен кабыл алдым. 

Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бул маалымат тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg
    

Последние новости