www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Колуңдан келсе сенин өмүр жолуңду бирөөлөр китеп кылып жазгыдай жаша. Сенин басып  өткөн жолуң жаштарга үлгү болсун. Ал колуңдан келбесе,  жок дегенде өмүрү үлгү адам жөнүндө китеп жаз. Жаштар сага ырахматын айтсын”-дегенчыгыш элинин нуска кеби бар.  Ал  эми биз кеп кылып жаткан Кадыр аксакал өмүрүн китеп жазгыдай жашап, анан өзү  баскан өмүр жолун китеп кылып жазган таңкалаарлык таланттуу адам. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын ардактуу полковниги Кадыр аксакалдын басып өткөн өмүр жолу,чындап эле дастан кылып айткыдай, роман кылып жазгыдай кызыктуу да,  окуяларга байда болгон. Мен аларды бул жерде кеп кылбай эле коёюн. Анткени ардактуу окурманым,Сиз Токоев Кадыр Ниязалиевич аксакалдын “Школа мужества” деген китебин өз колуңузга алып,өз көзүңүз менен , тынч жерге олтуруп,анан ырахаттанып окусаңыз кумарыңыз канып, советтик доордогу жана биздин мамлекетибиз эгемендикке жеткенден кийинки доорлордогу турмушту дагы бир ирет көз алдыңыздан өткөрүп, кыргыз милициясынын күжүрмөн кызматкерлеринин октон, оттон тайманбаган эрдиктерине күбө болосуз. Албетте, өмүр боюу тапанча кармап көнгөн кол калем сапка коомайланып, көнбөй, тартынчыктаары турган иш деңизчи.

Тилекке жараша Кадыр аксакал менен далай жылдардан бери бир тилекте , бир максатта биргелешип ИИМде иштешип келген бир адам бар. Алтажрыйбалуу офицер, белгилүү каламгер,ардагер полковник Зеличенко Леонид Яковлевич. Леонид Яковлевич кыргыз милициясынын тарыхын мыкты билген, кыргыз милициясынын дээрлик баардык энсиклопедияларынын жазылышына, даярдалышына катышкан, “Бетме-бет” гезитинде көп жылдар иштеген калеми жорго,тили жатык калемгер экени белгилүү. Бул киши досунажардамга келип Кадыр аксакалдын  жазган китебине редактордук кылып, келемдин сырын ачып берди. Натыйжада жеңил окулуп,биринчи сабынан эле адамды өзүнө тартып ала турган чыгарма жаралып, окурмандарга тартууланып жаткан кербези. “Кыргыз туулганына сүйүнбөй турганына сүйүн”- дейт эмеспи.Китептин тагдыры жарыкка чыкандан кийин элге жайылтып,аны азыркыча айтканда жарнамалаганга жараша чечилет.Антпесе сандыкка салынып, текчеде унутулуп калышы толук мүмкүн. ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин демилгеси менен, китепти жаштардын арасына жеткирүү максатында, ИИМдин академиясында курсанттар менен  автордун жана редактордун чыгармачыл жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Академиянын Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары ТөлөгөнИлимгазиев,Академиянын жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө жана социалдык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы АфтандилКадыркулов жана ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев катышты. Жолугушууда автор жана редактор китептин жазылуу таржымалын айтып, крусанттарга кызыктуу ангеме куруп беришти. Жолугушуунун жыйнтыгында курсанттарга сыр жыттанган, боегу жаңы кургаган китептер таркатылып берилип, жаңы китептүү болушкан курсанттар аны барактап көрүшүп, кубанычтарын жашырышкан жок.

Булак: NazarNews.kg

                                              

Последние новости