www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга караганда дем алыш күнүАтамбаев Чыныбай Турсунбековду чакыртып алып, катуу кыйкырыптыр, ал кыйкырыктын жалгыз себеби Жанар Акаев болгон. "Мына Жанар Акаевдии эчак эле айттым эле силерге, тарбиялагыла деп,өзүм да канча айттым,бул оңолбойт, буга окшогон "саткынды" тезинен эмне болсо дагы жоготкула" деп айтыптыр.Биз фракцияда бир канча жолу Жанардын маселесин койгонбуз, бирок депутаттардын көбү аны колдойт, эч кимиси сындабайт аны деп жооп кайтарат Чыныбай Турсунбеков.

Колунардан эчтеке келбейт! Фракцияга коё албасаң, мына эртеңден калбай саат 17:00го мен политсоветти дайындайм анда, эртенкиден калбай бүтүргүлө ишти деп албууттанат. Анан кече күндөн эле баштап ошол бүт саясий кеңешме мүчөлөрүнө звонок кылышат.Алар чоочулап,  "ии, мураскер дайындалат бекен" дешет. Өмүрүндө буга чейин саясий кенешме чогулган эмес. Бирок СДПКнын аппаратынан жаш бала катачылык кетирет, ал баарына "жоок, Жанар Акаевтен мандатты алат экенбиз" деп түшүндүрмө берет. Ошентип,  көпчүлүк мүчөлөр келгиси келбей, жаман көрүнбөйлү дешет.Мандатын алса менсиз эле алышсын деп кеңешмеге келүүдөн баш тартышат. Баары бири бирине чалышып, "Жанарды кетирсек абийирибиз калбайт" сүйлөшүп алышып келбей коюшат. Ошентип кеңешме өтпөй калат. "Форумдагы" башкеңседе саат беште Өмүркулов, Зулпукаров, Мусабекова, Калык Султанов жана Абдыманап Кутушевтер гана келишет.

Албетте, эртен деле чогула коюшат. Андан кумон жок. Бирок бул чоң сигнал болду Атамбаев үчүн.

 

Шамил Карабала уулу

 

Последние новости