www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин өзөктүк куралдар маселеси боюнча кеңешчиси Кристофер Форд Дональд Трамтын сынына карабастан Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди аткара турганын билдирди. Бирок ал аталган макулдашуунун шарттарын Тегеран да сакташы керектигин белгиледи.

Айтымында, Акүй учурда 2015-жылдын июлунда түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасын чектөө тууралуу келишимди, ошондой эле буга чейинки администрациялар тарабынан түзүлгөн АКШнын башка макулдашууларын дагы карап жатат.

"Башкача чечим кабыл алынмайынча Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди карманат жана аны Ирандын да аткарышын камсыз кылат", - деди Форд.

Акүй тарабынан каралып жаткан башка өзөктүк келишимдердин арасында 1968-жылы түзүлгөн Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишим дагы бар.

Форд андан сырткары администрация Орусиянын канаттуу ракеталарын өркүндөтүү боюнча жакындагы аракеттерине жооп берүү ыктымалдыктарын караштырып жатканын кошумчалады. Анын баамында бул орто аралыктагы өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча Вашингтон менен Москванын ортосунда түзүлгөн 1987-жылдагы келишимдин шарттарын бузат.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости