www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын экс-президенти Роберт Кочарянга ири суммадагы пара алуу боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Армениянын Башкы прокуратурасы билдирүү тараткан.

Анда, Кочарян кен казууга уруксат берүү үчүн 3 миллион доллар ишкер Сильва Амбарцумяндан алгандыгы айтылат. Материал сотко жиберилген.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган экинчи президенти Р.Кочарян азыр түрмөдө отурат. Себеби, ал 2008-жылы  шайлоодон уткан Серж Саргсянды колдоп көчөгө чыккан элге каршы армия тарткан. 

Демонстранттарды күч менен таратканга аракет кылгандыгы үчүн “конституцияга каршы аракеттенген” деген айып менен өткөн жылдын 28-июлунда камакка алынып, аз өтпөй бошотулган. 7-декабрда кайра камалган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости