www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушу президентке жөнөтүлдү. Мындай чечим бүгүн, 9-сентябрда парламенттеги «Элдик» тобу жана «Альянс» фракциясынын жыйынында кабыл алынды.
Жыйында «Элдик» тобунун башчысы Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, Россиядагы элчи менен эмгек министрин кызматтан четтетүү маселесин карап чыгуусун суранды.
Урматтуу президент биздин жарандарды карап, алар менен иштеше турган адамды (элчини — ред.) дайындайт деген ойдомун. Кудайберген Базарбаевичтин (Базарбаев) ишин карап, аны дагы кызмат ордунан четтетүүнү суранам», — деди ал.
Соңунда депутаттар аталган чечимди колдоп берди.
Бүгүн «Элдик» тобу жана «Альянс» фракциясынын жыйынында эмгек мигранттарынын маселеси каралып, депутаттар министр менен элчинин мигранттардын көйгөйүн чечүүдөгү иштерин сынга алышты.
Булак: NazarNews.kg