www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мугалим Гүлжамал Ахметова президент Садыр Нургожоевич Жапаров менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге кайрылуу жасады:
Кыргыз республикасынын мыйзамы
2004-жылдын 2-апрели № 54
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 8-декабрындагы № 307, 2010-жылдын 19-январындагы № 8,
2011-жылдын 6-октябрындагы № 165, 2013-жылдын 25-февралындагы № 33,
2015-жылдын 23-июнундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава
Жалпы жоболор
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.
Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн негизги уңгусунун бири катары мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин бардык чөйрөлөрүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө иштейт.
32-статья.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди сактоо, коргоо жана иштетүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.
Баш мыйзамдагы ушул статьяларга таяна турган болсок, кыргыз тилинин кепилдигине, мамлекеттик тил катары жашашына, улуттук тил катары бекемдеп өнүгүшүнө сиздерди жооптуу деп билебиз.
Азыркы учурдагы билим берүү системасындагы реформаларды кош колдоп колдойбуз, айлык маяналардын, мугалимдин статусунун көтөрүлүшүнө абдан кубанычтабыз.
Бирок кыргыз тилчилерге карата болгон кош көңүлдүктү кыргыз тилине карата дискриминация (кодулоо) деп түшүндүк.
Анткени өз сабагын берүүдөн тышкары төмөнкүдөй түйшүктөрдү ооз ачпастан аткарып келет.
1. Кыргыз тилинин 3 айлыгын уюштуруу
(Башка предметтерде 3 ай эмес, 10 күндүк да жок)
2. Жыл бою өтүлүүчү иш- чаралар, юбилейлер (мисалы: К. Тыныстановдун 120 жылдыгы,
Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы, Б. Сарногоев ж.б.......)
3. Даталуу күндөргө дил баян, эсселерди жазуу (мисалы: 7-апрель Элдик революция күнү, СПИД, 1-октябрь карылар күнү ж.б....)
4. " Манас таануу" республикалык таймашына даярдык көрүү
5. "Үлгүлүү кыргыз тилчи" сынагы
6. ЖРТ даярдыгы (негизги тест)
7. 9-11- класстарынын мамлекеттик экзамендери.
8. Мектептин билим сапатын текшерүүдөгү мониторинг. (Текшерүүдө сөзсүз түрдө кыргыз тилинен тест, жат жазуу алынат)
9. Көркөм окуу боюнча сынактар ж.б. иш чаралардын баары тилчилерге жүктөлөт.
Башка предметтердин 100% көтөрүлгөнүнө кубанычтабыз. Калыстык болбогон жерде нааразычылык болот.
Азыркы ааламдашуу орус тилинин, англис тилинин үстөмдүгүнө туруштук берип, кыргыз жыттанган, айыл жыттанган, эртеңки жер-суунун, элдин кожоюндары болчу кыргыз урпактарын тарбиялоодо билегин түрүп, ак дилден иштеп берген кыргыз тилчилердин эмгеги мамлекет тарабынан бааланбаганы - кыргызга карата кыянаттык.
Жогорудагы түмөн түйшүгү менен мектептеги көп ишти аткарып, аз айлык алгандардын катарындагы кыргыз тилчилердин маянасынын эсептөө коэффициентин жогорулатууну өтүнөбүз.
Өз элинин мекенчил, татыктуу уулу катары бул маселени карап чыгып, туура чечим кабыл алат деп ишенебиз.
Жалпы республикалык кыргыз тилчилердин атынан.
Эске салсак, апрель айынан баштап мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлдү. Мектепте сабак берген агартуучу мурдагыга караганда эки эсе көп акча алса, дарыгердин маянасына 50% кошулган.
Бул мамлекеттик кызматтын баркын жана сапатын көтөрүү үчүн жасалган кадам катары бааланууда. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларда сабак бергендердин көбүнүн акчасы мурдагыдай эле калган.
Булак: NazarNews.kg