www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин 2020-жылы канча акча тапканы айтылды

Орусиянын президенти Владимир Путин 2020-жылы 9,994 миллион рубль киреше тапкан, бул мурдагы жылдагыдан 270 миң рублга көп акча. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Президенттин өткөн жылдагы киреше-чыгашасы, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланган.

Мурдагыдай эле Путиндин декларациясында аянты 77 чарчы метр батир жана гараж жазылган. Ал эми колдонууда аянты 153,7 чарчы метр болгон дагы бир батир жана 18 чарчы метрлик гаражы бар. Ошондой эле, «ГАЗ М21» жана «Нива» унаалары менен «Скиф» чиркегичи жазылган.

Белгилей кетсек, Путин 2019-жылы 9,726 миллион рубль тапкан, 2018-жылы кирешеси 8,648 миллион рублди түзгөн болчу.

Ал эми 2017-жылы эң көп делген 18,7 миллион рубль пайда көргөн. Ошол убакта чоң аянттагы жерлерди сатканы үчүн кирешеси көбөйгөнү белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости