www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелде белгилүү журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жаш курагында каза болду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.

Маалыматка ылайык, оорудан улам көз жумган. 

Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган.

Ал КТРКда көп жыл эмгектенген. Кылмыш жана кырсык окуяларын оперативдүү чагылдырган укуктук-маалыматтык “Протокол №” телекөрсөтүүсүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. “Телекүзөт”, “Коом жана Мыйзам” программасынын алып баруучусу болгон. Ошондой эле, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Жогорку Кеңештин маалымат кызматында эмгектенип келген.

Майрамбек Тойгонбаев коомдо болуп жаткан окуяларды ыкчам чагылдырып, тартип, укуктуктук жактан коомго салым кошкондугу үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

NazarNews маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости