www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлөнү сактоо, бактылуу бир өмүрдү кечирип жашоо ушунчалык оорбу? Эмнеге адамдар акылыбыз жетип турса дагы бири-бирибизге бактылуу жашоону тартуулап, бир өмүрдү аздектеп өткөрбөйбүз? Биз экинчи ирет ажыраштык. Ал жакшы жашоого сөз берген, бирок, дагы менин сезимдерим менен ойноду.

«Бактылуу болоюн» деп далалаттандым. Биз Москвадан баш кошконбуз. Бир уул, бир кыздуу болдук. Бала менен алышып, иштебей отуруп калган күндөрүмдө, менин ишенген адамым башкага кетти. Белимди бекем бууп, буттан тура баштаганымда кайра келди. «Балдарымдын атасы да» деп кечирдим.

Жакшы иштеп жүрүп, ооруп жатып калдым. Турмушубузда кыйынчылыктар башталды. Мындайда бутума бут, колума кол болуп, оор күндөрдө дем болбой, күйөөм дагы башка аялдын үстүнө кирип жашап алды.

Жакшы жашоо, барчылыкты ошол үйдүн атасы жаратса кана?! Мындай эркектердин көбөйгөнү өкүндүрөт. Энелер, суранам, балдарыңарды татыктуу уул, болочоктогу татыктуу ата кылып тарбиялагылачы?!

Булак: Азия News гезити

Последние новости