Коопсуздук кеңешинин катчысы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчилиги менен жолукту
Расмий кабарлар  |   |  2873

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун жетекчилиги жана илимий курамы менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар тыгыз кызматташууну жакшыртуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы негизги маанилүү саясий жана уюштуруу-башкаруу чечимдерди кабыл алуу боюнча пикир алмашты.

Учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал шарттарында илимий-аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн зарылдыгы жана актуалдуулугу, алардын артыкчылыктуу темаларын аныктоо боюнча талкуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями