www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КГНУда бир философ профессор агайыбыз туура эмес ичип алып каза болгонуна да күбө болгонбуз. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Коомчулукта уу-дуу жараткан уу коргошун. Уу коргошунду кыргыздар ар дайым колдонуп келген. Баатырлары менен балбандарга жаш кезинен уу коргошун берип денесин ууга көндүргөн учурлар да болгон. Балбай баатырга энеси уу коргошун берип көндүргөнү эл оозунда айтылып келет. Ар кандай ооруларга колдонулган.

COVIDге уу коргошун дабаа экенин өз башынан өткөргөн Президент айтып чыгып, айрым медмекемелер колдоно баштаганы уу-дуу талкууну жаратты. Балким чын эле жардам берээр, эми аны мезгил көрсөтөт.

Ошол эле учурда уу коргошунду колдонууда өтө этият болууга чакыраар элем. Туура эмес, эрежесин сактабай ичүү адамдын ууланышына, өлүмүнө себепчи болот. Ал гана эмес уу коргошун кайнатылган идишти өзүнчө коюп, аны колдонгон да болбойт. Колдонсо ажалга түртөт.

Элдик табып Дүйшөнбек Чомо уулу бир тууган эжем рак илдетине чалдыкканда үйгө келип уу коргошунду өзү кайнатып, идишин өзүнчө коюп, колдонбогула деп бизге катуу эскертип да жүрдү. Дарылоо тартибин катуу сактаган.

Ошондон улам уу коргошундун коркунучун жакшы билем. КГНУда бир философ профессор агайыбыз туура эмес ичип алып каза болгонуна да күбө болгонбуз. Андыктан, ичээрдин алдында этият болуп, эрежесин так сактагыла демекчимин!», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости