www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бийликтин кадр кризиси татаал бойдон калууда деген сын-пикирлер арбууда. Жаңы дайындалган министрлер менен президенттик аппараттын билермандарынын өз жөндөмдөрүн толук кандуу көрсөтө албай жатканы Сооронбай Жээнбековдун кызуу баштаган саясатына болгон коомдук ишенимди акырындап суутуп бараткандай. Мындай абал бүгүн эле чыга калган жок.

Мурунку бийлик тушунда Сапар Исаков премьерликке дайындалып, өзү менен кошо Ак үйгө 30-40 жаштардагы 7 министрди жана 10 кеңешчисин ала келген. Бирок, батыштын билимине сугарылган, прогрессивдүү жана дымактуу делген алар иштеринин жыйынтыгы менен өздөрүн көрсөтө алган жок. Тескерисинче, көп убакыт өтпөй жумуштагы кемчиликтеринин айынан четинен чачырап барып, саналуу кеңешчиси менен жалгыз калган. Исаковдун мезгилинде аткаруу бийлигиндеги кадр кризиси тууралуу сын-пикирлер парламентте да бир нече курдай көтөрүлүп, жаш өкмөттүн жыйынтыксыз ишмердиги төмөн бааланган.

Андан бери жаңы Президент шайланып, өкмөт да алмашты. Жээнбековдун алгачкы кадамдары коомдо жанданууну пайда кылып, өзгөрүүлөр менен өнүгүүгө үмүт байлатты. Коррупцияга каршы күрөш экс-премьерлер баштаган бир катар ири чиновниктердин жолун абакка бурду. Өз кезинде тажрыйбалуу делген чиновниктер жемкорлукта да азуусу ай жанып турганын ашкереледи. Камалган, кыматынан четтетилген, өз ордун билип коомайланган чиновниктердин орундары бошоп, алардын ордуна жаңы кадрларга талап өстү. Бирок, жаралган жагдай кадр чөйрөсүндөгү кризистик абалдын олуттуулугун, мамлекеттик башкаруучулардын, бычакка сап менеджерлердин катары калың эместигин көрүнүп турат.

Жаңы бийлик аткаруу структураларына, асыресе күч жана фискалдык органдарынын башына жаңы кишилерди дайындады. Каржы полициясына, Башкы прокурорлукка, Каржылык чалгындоо кызматына жетекчиликке дайындалгандарга карата ичи толбогондор көп болсо, жакында сот-эксперттик кызматынын төрага орун басарлыгына дайындалган Табылды Матсаковдун дарегине нааразылык толкуну серп этти.

Президенттик аппараттын жетекчилиги алигече бош турат. Фарид Ниязов кеткенде анын кыйын аппаратчы экендиги, анын ордун басуучу уюштургуч чиновникти табуу кыйынга тураары айтылган. Бир нече жолу суранганына карабай кетип калган соң, С.Жээнбеков “анын ордуна даяр адамдарым көп” деп каш серпкен. Бирок, белгисиз себептер менен алигүнчө Аппарат жетекчилигине эч ким дайындалбай келет. Сыягы, кадрдык талаада жагдай көп деле көңүл жылытаарлык эмес окшобойбу.

Алыстан көз жүгүртүп карасак Аппараттагы биринчи орун басарлык кызматта турган “кыйын аппаратчы” деген атагы бар Досалы Эсеналиев дайындалып, азырынча аппараттагы иш ыргагын ошол уюштуруп тургандай. Башка бир орун басар Алмамбет Салиев аттуу жаш жигит Президенттин расмий тапшырууга ыңгайсыз болгон жеке тапшырмаларын аткаруу менен алек болуп, көп учурларда прокуратура, УКМК жана фискалдык органдар менен көп иштешээри айтылып келет.

Кызматынан шыпырылгандардын, колуна кишен салынган жемкорлордун жана алардын баарынын башын бириктирип турган атамбаевдик команданын маалыматтык соккуларына татыктуу жооп бере алуучу топ менеджерлер президенттин айланасында жетишпей жаткандай туюлат. Саясий жана башкаруучулук тажрыйбасы мол ишмерлердин Жээнбековдун айланасында көрүнбөй жатканынын себеби эмнеде? Президент аларга караганда мурда көзгө көрүнбөгөн, потенциалы жакшы кадрларды табууга жан үрөөдөбү же такшалган саясатчылар өздөрү  “майда-барат” аткаруучулук кызматтардан коомайланып турушабы?

Эгемен Кыргызстандын тарыхында Президенттин администрациясын жетектеген Мыктыбек Абдылдаев, Үсөн Сыдыков, Медет Садыркулов, Данияр Нарымбаев сыяктуу чиновниктер өз иштеринде карама-каршы пикирлерди туудурган, көп учурларда интригалык (М.Абдылдаевди айтпаганда) жүрүштөрдү көп уюштурушканы менен атактары чыккан. Бирок, аларды эл уюштургуч, тажрыйбалуу аппаратчы катары да жакшы таанышат. Ошондон уламбы, элде президенттик аппараттын жетекчисин өлкөдөгү саясий процесстердин башкы уюштуруучусу катары кабылдап көнүп калышкан.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңеши да Ак үйдө карааны калдайган, саясий касиетке ээ болуп келген. Бүгүнкү күндө бул эки орган тең саясий процесстерден өздөрүн оолак кармап, таза бюрократиялык иштер менен гана алек болуп келаткандай таасир калтырат. Бул биресе туура болсо, экинчи жагынан коррупционерлер жана таарынган экстер менен аёосуз күрөшүп жаткан Президентти талаага жалгыз сүрүп чыгарып, өздөрү корголоп тургандай сезилет. Бийликте Президенттин саясаты менен ишин кош колдоп алга сүрөп жаткан караандар байкалбайт. Балким Коопсуздук кеңешине Ак үйгө калдайган караан болуп Адахан Мадумровго окшогон, курч мүнөз, өжөр, анча-мынчасынан тайманбаган, эл аралык этиканы мыкты билген инсан керектир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости