www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан  элине жана Президент Алмазбек Атамбаевге КАЙРЫЛУУ

Урматтуу калайык!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Быйылкы, 2017 жылдын күз айында  Конституцияга ылайык  өтө тур-ган, эл  жакшы үмүт  менен күтүп жаткан Президенттик шайлоонун мааниси өлкөбүздүн жаңы тарыхында эбегейсиз зор окуя болорун сезип, туюп тура-быз. Мен айтаар элем, бул иш чара биздин  элдин келечектеги тарыхында   эң чоң чечүүчү  ролду ойнойт, деп. Анткени, 1991 жылдан тарта  эгемен болго-нубуздан бери карай  биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз! Буга чейин шайлоо кандай болду? 1991, 1994 (референдум), 1995,  2000, 2003 (референдум) жылдардагы прези-денттик шайлоо-референдумдар күчүркөнтүү, зордуктоо, ал эми андан кийинкилери элдик толкундоолордун шарапаты менен байланышып келди! Президенттик шайлоо деген жөнөкөй карапайым эл үчүн маанилүүлүгүнө караганда опурталдуулугу көбүрөөк боло тургандыгы басымдуулук кыла баштады! Эмне үчүн? Ар бир президенттин оң жана терс башкаруучулук  доорлору өттү.  Башкаруунун табияты ошондой дейли. Мейли! Каниет кылалы! Бирок, элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Ким оң жооп бере алат? 26 жылдан бери Кыргызстан кандай шартта жашап келди? Дүй-нөнү кандай өзгөчөлүгүбүз менен өзүбүзгө көңүл бура алдык! Аналитик-тердин тыянагы боюнча “эркиндик жана демократия аралчасы”, “түстүү революциялардын мекени” ж.б пафостук аталыштарга ээ болуптурбуз. Анан Россия, Казакстан, Европага жана андан аркы мамлекеттерге эмгек кылууга көпчүлүк жарандарыбызды жайылтып жибериптирбиз. Бирок, мен ал мекен-дештеримди анык патриот жана өзүнүн ак эмгеги менен күн көргөн, чыгаан,  таза инсандар деп айтам! Алардын жардамы менен гана элибиздеги күндөн-күнгө өтө жукарып бара жаткан социалдык жарылуусу “эптеп-септеп” кар-малып турат!

Бүгүн Кыргызстандын негизги проблемалуу экономикалык  көрсөткүчтөрү кандай?  Аны элдин бардыгы эле билет. Мен эң көйгөй жараткандарын гана мисал кылайын!

Кыргызстандын жалпы карызы Финансы министрлигинин билдирүүсү-нө ылайык 2017 жылдын 7 февралына карата 4 млрд 92,7 млн АКШ долларын түзүптүр. Анын ичинен 3 млрд 763 млн $ тышкы карыз, ал эми 309,7 млн $ ички карыз. Мындай көрсөткүч өлкөбүздүн ИДПнын 64% ын түзөт экен! Сырттан карыз алуу аракетибиз жылдан-жылга көбөйүп бара жатыптыр. Бүгүнкү күнгө чейин инвестициялык стратегиябыз жок экен! Алынган кредиттерди коротуу боюнча эсеп-кысабыбыз дагы элге түшүнүксүз! Кудайы сурап жүрүп өнүгө алабызбы?

2017 жылдын башында Россиянын Федералдык кызматынын билдирүүсүнө ылайык Кыргызстандын эмгек мигрантарынын саны 553миң 910 адамга жеткен. Бул расмий маалымат. Бейрасмий пикирлер боюнча бул көрсөткүч 1 млнго жетет делинет. Акыркы жылдары Россиядагы тажик жана өзбек  эмгек мигранттарынын саны айына тиешелеш түрдө 3,8  жана 4,1 % га азайса, кыргыздардын саны, тескерисинче, бир айда 2% дан көбөйүп келет!  Ал эми өлкөбүздүн  Миграциялык кызматы  рассмий түрдө Казакстандагы кыргыз мигранттарынын санын 100 миңге жакындаштырып берип келишет.  Жарандарыбызды чет мамлекетке жамыратып айдап жиберип өнүгө алабызбы?

Сырткы соода – ар кандай эле өлкөнүн экономикасынын абалынын индикатору болуп эсептелетМен Кыргызстандын эгемендик алгандан берки экспорт, импорт, сырткы соода мамилелеринин сальдосун кунт коюп изилдеп келем. Респуликабыздын аймактарынын жалпы эле сырткы соода жүгүртүүлөрүбүзгө болгон  катыштыктарын жана салым-үлүштөрүн тыкыр баамдадым.  Чеке жазылып, ичим жылыган жери жок, тилекке каршы! Бүгүнкү күнү соода балансыбыз терс сальдого ээ болуп, көлөмү 814,8 млн $ ды түзүптүр! Өтө начар көрсөткүч. Башка цифраларды келтирүүнүн деле зарылдыгы жок. Импорттун жардамы менен өнүгө алабызбы?

Кыргызстандын экономикасы, негизинен, өндүрүштөн жана кызмат  көрсөтүү сферасынан тураары айгине. Өндүрүшүбүз энергетика менен кен байлыктарды казып алууга таянат. 90-чу жылдары одоно жол менен деиндус-триализацияны ишке ашырып, чет элдик аферисттик “Песак” программасын колдоп, натыйжада, 1990-2001 жж. ИДПбыз 10,35 эсе төмөндөдү. Мисалга, ошол эле учурда Өзбекстандыкы 3,45 эсеге эле түшкөн. Айыл чарбасында колхоз-совходорубузду толук талкалап,  ага альтернативдүү эч нерсе түзгөн жокпуз. Жеке фермерлердин өз маңдай терин төккөн   аракеттерин айтпаганда! Туризмди эффективдүү индустрияга айланта албадык.  Ал дагы спон-тандуу жол менен жашап келет. Бажы жана салык саясаттары толугу менен коррупциянын сазына баткан! Бюджетке анча-мынча эле үлүшү түшөт. Мамлекеттик менчик ишканалардын 80%нан ашыгы приватташтырылган. Алардын жыйынтыгын бардыгыбыз билебиз. Ошол мүлктөр менен жер үлүштөрү калктын жалпы санынын  10% на жетпеген “ишмерлердин” колун-да экен. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Россия менен Казакстандын экономикасынын эле саркындысы болуп калганыбыз ачуу чындык! Экономикабыздын ушундай саясаты менен өнүгө алабызбы?

Эгемен Кыргызстандын эң кейиштүү кешпири калктын социалдык аба-лынан даана байкалат. Мен статистиканын айныгыс фактылары менен сиздерди көп эле кыйнай кыла бербейин!  Аларды бардыгыбыз билебиз!  Билим берүү, илим, маданият, дин  саламаттыкты сактоо жааттарындагы көйгөйлөрдү тынбай эле жазып, айтып келем. Жалпы интеллигенция өз табиятына мү-нөздүү болгон сабырдуулук менен күн кечирип келет. Эл аралык рейтингдерге жана өтө эле оркоюп көрүнүп калган гана цифраларга  гана көңүл бурайын! БУУ нун алдында өтө таасирлүү эл аралык Sustainable Development Solutions Network компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасы бактылуу жашоо деңгээли боюнча 157 өлкөнүн ичинен 85 орунду ээлеп, кошуналарыбыздын ичинен эң бактысыз эл экенибиз белгилениптир. Кыргызстандыктардын 10%ы өтө же өлө бай, 60%ы ортозаар, ал эми 30%ы өтө же өлгүдөй кембагалдыгы кашкайтып көрсөтүлүптүр! Ошондон бир аз дурус  бааны бизге 2012 жылы  жылдын 10 апелинде АКШнын Колумбия университетинин эксперттери бергени эсимде! Демек, биздин “бактысыздыкка кулоо ылдамдыгыбыз” дагы эле жогору экен! Башка сөз менен айтканда, ИДПды жан башына бөлө келсек, эч кандай өсүүбүз жок болуп чыгат! Элибиздин саны өсүүдө! Инфляция өсүүдө! Доллардын курсу дагы өсүп келет! Инфляция менен доллар курсунун өсүүсү калкыбыздын турмушун төмөндөтүүдө! Баш-кача кандай жыйынтык чыгарууга болот? Демек, мындай социалдык саясатыбыз менен өнүгө алабызбы?

Жогорудагы көрсөтүлгөн өлкөбүздүн абалы алдыдагы турган Прези-денттик шайлоого кандай таасирин тийгизет? 26 жылдан бери эч  кандай жылыш болбоптур.  Эки революция же төңкөрүш жана  кандуу Аксы окуясы ме-нен Ош кыргыны орун алыптыр! Ушу аянычтар менен экономикалык кризисибизди  эгемендүүлүктөгү активибизге киргизебизби? Бардыгын биз байлык менен бийликти өтө жакшы көрүп, аларды чыныгы баалулуктар катары көрүп алганыбыз менен түшүндүрүшүбүз керек, го!  Башка себеп жок! Бийлик менен бизнести жуурулуштуруп кармап келгендигибиз себеп болуп жүрбөсүн! Мамлекеттин, өкмөттүн негизги милдеттерин унутта таштап коюп? Кайсы саясатчы ошол  элди онтолоткон псевдокасиетти катуу кармап келсе, ошону ийгиликтүү “азамат жана кыйын” деп келдик! Этегине жармаштык. Жасакерленип, бийликтин түрдүү бутактарын ээлөөгө шарт түзүп колдоп бердик. Натыйжасын көрүп жатабыз! Мамлекеттик башкаруунун шал болгон формасын кечирүүдөбүз. Билими жок кадрлардын жетегинде калдык! Алдын, үй-бүлөөлүк, тууганчылык, абийирсиз жегич кландарга баш ийсек, эми пар-тиялык ж.б. жакындык, “бири-бирин кыйышпас” төбөлдөрдүн алдына таазим берип калды, эл!

Ушундай саясий парадигма менен 2017 жылдагы Президенттик шайлоого кирип бара жатабыз! Ойлогонубуз эле бийликти алып же  аны колдон коё бербей мамлекеттик ресурстун эгедери болуп отура бермей.  Жашоонун бардык тармактары ушуга баш ийдирилиши керек. От менен ойноп жаткан жокпузбу? Президенттик шайлоонун булганыч өтүлүшү Кыргыз Республикасынын мамлекет катары жок болуп кыйрашынын башаты болуп калаарын туюп жатабызбы? Же кандай жол менен болсо дагы бийлик меники болуш керек деген сокур аракет күчүндөбү, кээ бирлер үчүн? Аягы эмне болот? Түрдүү жосунсуз жоруктар менен жыйналган байлык-мүлк талоонго түшүп, чыныгы Элдик Көтөрүлүштүн себеби болуп калбайбы, ошолор? “Сен томояксың! – деп кекээр сүйлөгөн ууру, коррупционер “бай сөрөйлөр” калктын ичиндеги кагылышуунун чордонуна айланып калбайбы? Кудай сактасын!

Ошондуктан, алдыдагы  Президенттик шайлоо жалпы жумурият үчүн эң жооптуу жана таза өтүлүшү абдан маанилүү.  Кыргызстан өзүнүн тары-хында чоң бурулуш алдында турат! Болочок Президенттин адамдык сапаты бийик болуп, Мекен үчүн  чыныгы күйүмдүүлүгү, карапайым-жупуну жашоосу, адилеттүүлүгү, акылдуулугу кыргыз элинин көксөгөн талабы болуп турат!  Ошондой сапаттагы инсандар  барбы элибизде?  Менимче толтура!  Аны калыс тандап, калың катмардын ичинен сууруп чыгуу жана ага эриш аркак болуп, колдогон  аракеттерибиз гана келечегибизге жол ачат!

Кыргыз Республикасынын келечегине кайдыгер болбогон ар бир жаранды бир тууганы катары сыйлаган,

профессор Каныбек Осмоналиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости