www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пулемётчу Муса

Кидибаев Муса 1925-жылы Барскоон айылында туулган. 1943-жылы Барскоон орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы армияга кеткен.

Алгач ал атайын аскердик машыгуу-окутуудан өтүп, 1943-жылы ноябрь айында 132-аткычтар полкунда колдон атаар пулемётчу болот.

Согушта классташы Турсунов Сыдык менен чогуу бир полкто кызмат өтөп калат. 1944- жылы Сыдык оор жаракат алып сазда калат, Чабуул бүтүп, караса Сыдыкты таппай калат. Артка кайрылып, классташын издей баштайт. Көрсө, классташынын бир бутун снаряд жулуп кеткен экен. Аны моюнуна көтөрүп, автоматтарын асынып, саздак жерден кыйналып жатып араң аскердик бөлүккө алып келип, дарыгерлерге тапшырып берет. Көрсө, полк салгылашта улам алдыга жылгандыктан, Сыдыктын артта калганын байкабай калган тура... Кийин ал кишинин бир бутун кесип салат. Дарыланып, согуш бүтө электе айылга кайтып келет.

Муса Кидибаев 1944-жылдын октябрынан 1945-жылдын апрелине чейин №106 аткычтар полкунда пулеметчик болуп кызмат өтөгөн. 1945-жылы апрель айында катуу жаракат алып. №1866 аскердик госпиталда жатып калат. Жаракаты оор болуп, 1946-жылдын апрелине чейин дарыланат. Оң бутунун ички бетинде эти жок болчу. Ошол 1946-жылы аскердик кызматынан бошогон соң, айылына кайтып келген.

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости