www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин кайсы вакцина менен эмделет?

Бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтөт.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин орусиялык үч вакцинанын бири менен эмделет. Кремль президентке эмдөө үчүн кайсы дары колдонулуп жатканын ачыкка чыгарбайт.

«Үчөөнүн бири. Кайсынысы экенин так айтпайбыз. Үч вакцина тең ишенимдүү», - деди Песков.

Ошондой эле ал Владимир Путиндин бүгүнкү эмдөөсү сүрөт же видеого тартылбай турганын айтты.

«Президент эмдетүүнү камерага тарттырууну башынан эле жактаган эмес, бул ага жакпайт», - деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости