www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен оппозиция болгондон корком”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Мен оппозиция болгондон корком. Себеби, биз оппозиция болсок эле ал президенттер качып кетет же аягы жаман болот. Мисалы, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевге оппозиция болдук алар качып кетти, ал эми Алмазбек Атамбаевди өзубүз колдоп келдик эле, тилекке каршы бизге каршы жаман нерселерди баштады. Аягында биз дагы ачык-айкын, туура оюбузду айттык. Ошону менен ага оппозиция болуп калдык. Анын тагдыры дагы ушундай аянычтуу болду. Бирок азыркы бийликке опазициямын дебейм. Болгону туура кеңештеримди айтып, элге чынтыкты ачык жеткирип турам. Бүгүнкү күндөгү окуяларга көз жумуп койо албайм. Өзүмдүн түз көз караштарымды айтып жатам. Себеби, мен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабайм. Мен опазиция болгум келбейт, себеби, биз беттегенибизди бербейбиз. Армия сыяктуу бизди токтотуу абдан кыйын. Утушубуз керек же утулушубуз керек деген ойдомун”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg