www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күтүлбөгөн жерден Дмитрий Медведевдин өкмөт башчысынан “осурган уйдай” кубаланып ооп түшүшү дүйнөлүк резонанстарды туудурду. Медведев Путиндин “Питер командасынан” көтөрүлгөнү чындык. 2008-жылдын 7-майында буга чейин өкмөт башчысынын орун басары болуп келген Дмитрий Медведев «кол бала президент» болот да, Владимир Путин 2012-жылдын 7-майына чейин премьер-министр болуп келет.

Путин Медведев тиреши

Владимир Путин президент болуп келген соң 2012-жылдын 7-майынан баштап Орусиянын премьер-министри болуп Дмитрий Медведев келаткан. 2020-жылдан баштап бул орунду Михаил Мишустин ээледи. Мындай окуя түшүнүксүз болуп калды, анткени Медведев премьер-министр катары Путин алдыга койгон Улуттук долбоорлорду жана тиешелүү Программаларды кыңк этпей ишке ашырып, Ельциндин заманында 200-300 пайыздан ашып кеткен гиперинфляцияны тизгиндеп, 15 пайыздан 3 пайызга түшүргөн. Медведев болуп жаткан стагнацияны жоюп, макроэкономикалык чоң секирик жасоо менен, дүйнөлүк супердержава АКШ менен Орусиянын бой талашуусуна алып келген. Башмыйзам боюнча Коопсуздук Кеңешин президент жетектеши керек, Медведев ага орун басар болду. Аны менен катар Медведев «Единая Россия» партиясынын төрагасы бойдон калды.

«Единая Россия» партиясы ВВП түзгөн партия, каалаган күнү МДАны алып коюшу мүмкүн. Дүйнөлүк маалыматтарда Путин менен Медведевдин ортосунда кара мышык аралап кеткени тууралуу кептер козголууда:

  1. Биринчи ирет Путин менен Медведевдин ортосунда кара мышык, Медведев президент болуп турган 2008-2012-жылдары аралап кеткени тууралуу айтылат. 2012-жылы президенттик шайлоого Владимир Путин менен катар экинчи мөөнөткө Медведев да талапкердигин коймок. Мына ошондо альтернативалуу шайлоо болмок, бирок Медведев Путин президент болуп турганда өкмөт башчысында «Өлбөс Кащей» болуп туруу статусу менен президент болуу тилегинен баш тартат. Бул эркекче түзүлгөн келишим аягына чейин аткарылган жок. Дагы президенттин мөөнөтү аякташына төрт жыл убакыт бар.
  2. Путин Башмыйзамды оңдош үчүн Федералдык жыйында тилегин билгизип, Мамлекеттик Кеңеш түзүп, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча Мамлекеттик Думадан бата алды. Ал эми Башмыйзамды өзгөртүү шылтоосу боюнча Медведев башында турган Өкмөттү жылан сыйпагандай тазалады.

ВВП 2024-жылы президент болбой турганын билдирди, Жээнбеков 2023-жылы президент болбосун билдире элек

ВВП эртеңки күнүн ойлоп жатат, анткени кийин боло турган президент Путинге окшоп төрт жылдан эки мөөнөткө сегиз жыл, алты жылдан эки мөөнөткө он эки жыл мамлекет башында тура турган болсо, ВВПга «уча кемиртпейт». Ошондуктан, жаңы Башмыйзам менен шайлана турган президент эки мөөнөткө шайланууга болбойт.  Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы ыйгарым укуктары аяктагандан кийин «жетекчи» ролунда болбой турганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Путинден мурун президент болуп келсе да экинчи мөөнөткө келем же келбейм деп билдире элек. Убакыт деген көзгө билинбей өтө берет, Жээнбековдун быйыл 2020-жылы үчүнчү жылы шуулдап өтө баштады. Жээнбеков кайсы жолго түшөт:

1. Башмыйзамга өзгөртүү кийирип, президенттин шайлануусун эки мөөнөткө узартыш керек.

2. Башмыйзамды ушул бойдон калтырып, 2023-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башына келип мамлекетти башкарыш керек же өтө ишенимдүү адамын премьер-министрге алып келиш керек.

Кыргызстан парламенттик мамлекет, ал эми Орусия да парламенттик мамлекетке айланса болбой турганын Путин билдирди.

 Президент Путиндин пикиринде, өлкөдө көп жылдык тажрыйбага ээ партиялар жок болгондуктан жана учурдагы партиялар конкреттүү бир адамдарга байланыштуу болгондуктан, парламенттик башкаруу формасы Орусияга ылайык келбейт. Мисал катары ал Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясын атады: - Жириновский бар — ЛДПР бар, Жирикең  жок — партия да жок, - деди Путин. Бул Кыргызстанга да тиешелүү, Төрөбаевдин партиясы, Салымбековдун партиясы, Мадумаровдун партиясы сыяктуулар бизде да бар. Демек, биз эртелеп парламенттик мамлекетке айланганбыз.

Мындан тышкары президент аянты чоң жана көп улуттуу өлкө катары Орусияга күчтүү президенттик бийлик керектигин жана башкаруу формалары менен эксперимент жүргүзбөө зарылдыгын белгиледи. Путин Орусиянын парламенттик башкарууга өтүшү максатка ылайык эмес экенин билдирди.

Эмки Орусия жетекчиси ким болот?

Путин Башмыйзамды буйтап өтүп жүрөт. 1999-жылдын 31-декабрында Борис Ельцин ВВПны мураскору катары Орусиянын башына таштап кеткен. Ал 2000-жылы 26-мартта президенттик шайлоодо жеңип чыгып, 2000-жылы 7-майда президенттик инаугурациясын өткөзөт. Путин 2000-жылдын майында «Эки пайыз Миша» атка конгон Михаил Касьяновду премьер-министрликке дайындайт. 2004-жылдын 24-февралында Михаил Касьяновду отставкага кетирип, ордуна еврей улутундагы Михаил Фрадковду премьер-министрге алып келип, Израилден бата алат. 2004-жылдын 14-мартында Владимир Путин экинчи мөөнөткө президент болун шайланып, 2004-жылдын 7-майында президенттик инаугурациясын өткөзөт. Еврей Фрадков 2007-жылдын 15-октябрына чейин өкмөттү жетектеп Виктор Зубковго өкмөттү өткөзүп берет, ал 2008-жылдын 27-мартына чейин премьер-министр болот. 2008-жылдын 7-майында буга чейин өкмөт башчысынын орун басары болуп келген, Путиндин «Питер командасынан» Дмитрий Медведев президент болот да, Владимир Путин 2012-жылдын 7-майына чейин премьер-министр болуп келет. 2012-жылдын 7-майынан баштап Владимир Путин президент болуп келип,  2018-жылдын 7-майынан баштап экинчи мөөнөткө Орусияга президент болот.

Путин жакында өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн. Анда башка сунуштар менен катар Орусиянын Башмыйзамында Мамлекеттик Кеңеш статусун калыбына келтирүү сунушу айтылган. Путин 2024-жылы президенттик ыйгарым укуктары аяктагандан кийин Мамлекеттик Кеңештин башына барып, бийликте кайрадан калышы калышы мүмкүн. Учурда Путинге президенттикке талапкердигин коюп тоскоолдук кыла турган Медведев болмок. Анткени, Путиндин үчүнчү мөөнөткө президент болууга Башмыйзам боюбнча укугу жок, бирок каалаган кызматты Башмыйзамга коюп мамлекет башында турууга мүмкүнчүлүгү бар.

Мындайга мисал дүйнөдө табыла берет, алсак Иранда президенттер мезгил-мезгили менен шайланып келет, бийлик болсо аятолла Хомейнинин колунда. Казакстанда жаңы президент да экс-президент, журт атасы Нурсултан Назарбаевдин көрсөтмөсү боюнча иштей турганын турмуш көрсөттү. Кыргызстанда да Атамбаев так ушундай системаны түзүүнү көздөгөнү белгилүү, бирок Жээнбеков ага макул болгон жок. Орусияда ВВП  эми дүйнөлүк кадыр күтүп калган Медведевди эмес, “кол бала” президентти 2024-жылы шайлап келип, өзү Мамлекеттик Кеңештин башында туруп мамлекетти башкара берет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости