www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониянын тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы киргизген санкциялардын чоо-жайын жарыялады.
Маалыматка ылайык, персоналдык санкцияларга өлкө жетекчилигинин алты өкүлү, атап айтканда, президент Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу кабылды.
Мындан тышкары персоналдык санкциялар Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевге, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовго жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевге да салынды.
Эгер алардын Японияда активдери аныкталса тоңдурулат.
Мындан тышкары, экспорттук санкциялар 49 ишканага жана уюмга киргизилди. Санкциялык тизмеге Россия Банкы, ВЭБ жана Промсвязбанк дагы кирет.
Мындан тышкары, Токио Орусиянын аскердик потенциалынын өсүшүнө салым кошо турган жалпы багыттагы продукцияларды экспорттоого тыюу салды.
Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын көз карандысыздыгын таанып, 24-февралда Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция башталганын жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg