www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биз, Кыргызстандын 36 коомдук уюму менен эксперттерди бириктирген «Теңчилик үчүн коалиция», эл аралык кырдаалдын курчушунун фонунда жарандардын маалыматка объективдүү жана тең салмактуу жетүүнү камсыз кылуу үчүн өлкө бийлигине кайрылабыз.

«Теңчилик үчүн коалиция» биздин коом Орусиянын маалымат мейкиндигинен бир жактуу гана маалымат алып жатканына, ал эми жергиликтүү маалымат каражаттарынын окуя болгон жерде өз кабарчыларынын жоктугуна байланыштуу кыргыз элине так жана толук маалымат таратууга мүмкүнчүлүгү жоктугуна кабатыр.

Биздин провайдерлердин санарип пакетине кирген орус каналдарынан келген жаңылыктар жергиликтүү аудиториянын муктаждыктарын канааттандырбайт. Интернет жана башка медиадагы маалымат согушунан, фейк маалыматтардын көптүгүнөн жана, ошондой эле, Кыргызстандын калкынын бүгүнкү болуп жаткан окуялар туурасында түшүнбөстүгүнөн коомчулукта терс кесепеттерди алып келе турган пикир келишпестиктер жаралууда.

Ушуга байланыштуу ачык-айкын жана чын маалыматтардын элге жеткиликтүү болуусун камсыздоо үчүн кыргыз бийлиги туура чечимдерди кабыл алуусу зарыл деп эсептейбиз. «Теңчилик үчүн коалиция» орусиялык маалыматтык берүүлөрдү мамлекеттик жана расмий тилдеги жергиликтүү маалыматтык телеканалдарга алмаштыруу аркылуу санариптик пакеттердеги Орусиянын мамлекеттик маалыматтык телеканалдардын көрсөтүүлөрүн жөнгө салууга чакырат.

Андан сырткары, биз КТРКнын журналисттерин учурдагы эл аралык кырдаал жөнүндөгү маалыматты кененирээк берүүгө чакырабыз.

«Теңчилик үчүн коалициянын» координатору Айзат Русланова

Последние новости