www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкротко кептелиши боюнча мурун жабылып калган кылмыш ишин кайрадан жандандырып, сотко чейинки өндүрүштүк иштерди жүргүзүүнү Улуттук коопсуздук кызматына тапшырды. Бул тууралуу коомдук активист Мелис Аспеков аны тасыктаган документ менен бирге соцтармактагы өзүнүн баракчасына жарыялады.
Аспековдун ырасташынча, мурунку спикер, КСДП партиясынан парламентте депутат болуп олтурган Чыныбай Турсунбеков бир мезгилдери Бишкек ликер-арак заводу менен «АкылИнвестБанкты» рейдерлик жол менен тартып алган.
Мелис Аспеков бул маалыматтарды иликтеп, аны жарыялагандан тартып ар кандай коркутуулар болуп жатканын айтса, депутат Чыныбай Турсунбеков ага карата айтылып жаткан бардык айыптоолор жалган экенин билдирип келет.
Эскерте кетсек, Чыныбай Турсунбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президентке атаандаш болуп чыга калам деп спикерликтен да айрылган эле.
Булак: NazarNews.kg