www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июнда КСДПнын мурдагы депутаты Кожобек Рыспаев, спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда айткан сөзүнө чычалап, ой да бир күпүлдөп алды.
--«Ооздон чыккан сөзгө жооп берсин жана сиз жоопкерчилигин сураңыз. Бул жерде чимкириктер жок, какырыктар жок. Кыргыз элинин элиталары отурабыз, саясий элиталары отурат. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөш керек», — деди “шеф” Кожобек Рыспаев.
Кызыгы Жогорку Кеңештин депутаттарын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эл өкүлдөрүн «чимкирик» деп ушул жылдын 17-мартында “чимкирик” деп атаган.
Ошондо депутаттар “чимкириктин” "маңка" деген сөздүн маанисин эми түшүндүбү? –деген суроо жаралат да. “Депкеңдер” ар дайым кеч ойгонот да...
Булак: NazarNews.kg