www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Акыркы учурда, коомчулукта "экс-президентти камакка алыш керек" деген пикирлер басымдуу болуп баратканы байкалууда? Айрыкча кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы тууралуу көптөгөн фактылар ачылганы бул маселе катуу көтөрүлө баштады. Экс биринчи вице-премьер Шамиль Атахановдун тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыгарылышы, Аида Салянованын камалышынан улам бул ишке экс-президенттин тикелей тиешеси бар экени ачыкталгандай эле болуп калды. Кандай ойлойсуз, Алмазбек Атамбаев камакка алынышы мүмкүнбү?

-  Бул жашоодо баары мүмкүн. Дүйнөлүк тажырыйбада экстердин көбү жоопко тартылып жатат. Бийликтен кеткендердин түрмөгө отургузулуп жатышы, бийликте тургандарга сабак болот. Алар да кийин камалып кетпейин деп аракет кылышы үчүн керек. Алмазбек Атамбаевди бийликти узурпациялоо боюнча айыптап камакка алууну да сунуштап жатышат. Андыктан эртең ал камака алынса таң калуунун деле кажети жок. Баардыгы мыйзам чегинде болушу кажет. Күнөөсү так далилденип, жакында өзгөртүү киргизилген экс-президенттерге тиешелүү мыйзам чегинде болушу керек. Антпесе "муну камагыла, тигини бошоткула" деген Атамбаевдин убагындагы беспределден эмне айырмасы калат?

Бирок элдин пикири, коомдук пикир менен да эсептешиш керек. А пикир деген өзгөрүп турат. Былтыр "Сооронбай Жээнбеков экс президент досуна чаң жугузбай калкалап жатат" деп айыптап жүргөнбүз. Бүгүн ушундай "камасын" дегендер эртең эмне дейбиз? "Тууй ата ит экен ээ (?), президент кылган эмени камап салды" дейбиз. Анан ошол сөз айтылат да калат. Мен бул сөзүм менен "камабаш керек" дегеним жок. Жоопкерчиликтүү мыйзам чегиндеги чечим болсун дегеним. Анткени кандай деген күндө да Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы болгон адам. Ошондуктан аны камакка алуу чечими кылдат ойлонулган, элге-журтка ынанымдуу, мыйзам чегиндеги чечим болушу керек. Балким аны камаганга караганда дарылаткан туура болоор?

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости