www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кырк чоро" деген аталышта таанылган "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси 13-мартта Бишкекте митинг уюштуруп, калаа мэри Азиз Суракматовдун жана мэриядагы башка жооптуу кызматкерлердин отставкасын талап кылмакчы. Алар шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп жатышат.

Бирикменин башчысы Замирбек Көчөрбаев  билдиргендей, алар 11-мартта мэрияга барып, нааразылык акциясы тууралуу маалымдашат.

Уюмдун мүчөлөрү "8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду" деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз-караштардан тышкары сексуалдык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.

Акцияга "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости