www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда оор абалда камакта жаткан Мурат Суталиновдун жубайы Гульнара Суталинова КР Президенти Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жасады.

Төмөндө Кайрылуунун тексти толугу менен:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Менин өмүрлүк жолдошум Мурат Суталиновго карата көнүлгө сыйбаган, адамдын кыжырын келтирген чексиз адилетсиздик жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө көп убакыт ойлонуудан кийин Сизге ачык кат менен Кайрылууну чечтим.

Социалдык тармактарда кандай баяндамалар орун алып жаткандыгы жөнүндө Сизге маалымат берилип турат го деп ойлоном. Анда санда жактырбаган, баяндама да эмес, кыскача комментарийлерден тышкары, өтө көп сандагы адамдар рак оорусунун акыркы стадиясы менен ооруп жаткан менин күйөөмдүү бошотпоо жөнүндөгү Ленин райондук сотунун судьясы Б.Сыдыгалиевдин чечимине каардануу, кыжырлануу менен ойлорун билдиришти.

Мен күйөөмдү өлүмгө жакындап баратат деп жазгым келбейт, көпчүлүк эл билгендей анын кайышпас кайраты, кажыбас ички дүйнөсүнүн күчү бар, ошондуктан мен ишенем, биз биригип бул каргашалуу ооруга туруштук беребиз. Бирок, бул оору менен түрмөнүн шартында натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес. Түрмөдөгү азыркы шарттарды жакында эле ЖАМКнын жаңы жетекчиси М.Турганбаев айкын көрсөттү.

Эгерде Мурат Суталинов  жөнөкөй соттолгон адам болсо, судьялар сот жыйналышын колонияга барып өткөзүшүп, бир күндө эле чечим кабыл алып коюшмак. (Бул жөнүндө судьялар, прокурорлор жакшы билишет). Ал эми, биздин иш боюнча мамлекеттик деңээлде менин күйөөмө карата ачык-айкын кыйноо колдонулду. Орун алган мындай сот адилетсиздигине мен башкача баа бере албайм.

Мен көп кишилер менен сүйлөштүм, саясатка кызыкпаган жөнөкөй адамдардан баштап,  белгилүү саясатчыларга чейинкилердин ойлору бир, Мурат Суталиновго карата орун алган адилетсиздиктин бирден бир себеби, анын апрель окуялары боюнча соттолушу. Ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоп, күнөөсүз адамдарды күнөөлүү деп таап, соттоп жиберүү жөнүндө атайын көрсөтмө беришкен, негизсиз соттолгондордун ичинде менин күйөөм да бар.

Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү эч кандай далили жок сооттун өкүмүн окуду бекен? Өкүм чыгарган судьялар, өкүмдү күчүнө калтырган судьялар Мурат Суталиновду эч кандай далилсиз соттогондору үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек. Мен ишенем - бул жоопкерчилик сөзсүз орун алат! Азыр мен өз алдыма максат койдум - өкүмдөрдү англис тилине которуп, ар турду эл аралык уюмдарга жиберем. Балким бизге пайдасы тийбестир, бирок биздин республикадагы саясатташтарылган сот системасынын адилетсиздиги жөнүндө цивилизация дүйнөсү билгендей болсун.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Албетте, сиз соттун чечимине таасир көрсөтө албайсыз. Бирок,  бүгүнкү күндө канчалык сот бийлигинин көз  карандысыздыгына ишенсек да, кээ бир судьялар чечимдерин чыгараарда Ак үйдү карап тураары көнүмүш болуп калган. Ошондуктан бул кат менен Сизге кайрылдым.

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепили болгон Президент катары, диний ишеними бар адам катары, урматтуу Сооронбай Шарипович,  биздин кайгылуу ишибизге өзүңүздүн мамилеңизди билдирип коюуңузду көптөн-көп суранам!?

Сизди терең урматтоо менен Гульнара Суталинова

 Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости