www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунан баштап соттордун үстүнөн арызданып жоо жүрүш жасаган Майрамкан Тешебаева Бишкек шаарына жетип Ак үйдүн алдына келди.

Айтымында, Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл аймагынын Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүнүн 32-үйү базар баасында 3 миллион 619 миң сомго бааланган. Жогорку соттун судьялары 1020 сомдук тиешеси жок тил каттын негизинде аталган үй 120 000 сомго сатылган деп көрсөтүшүп, токтом чыгарышкан.

--Мен жашаган үй меники болчу. 2014-жылы М.Тешебаева жолдошум Осмонбек Тешебаев менен соттошуп жатканына байланыштуу сиңдимдин өткөрүп досу Айсулуу Ирсалиевага 2014-жылы 24-ноябрда убактылуу өткөрүп бергенмин. Бир жыл өткөндөн кийин А. Ирисалиева бир тууган эжем Турсун Усмановага  2015-жылы күбөлөрдүн көзүнчө өткөрүп берген. Жолдошум экинчи турмушум болгондуктан Осмонбек Тешебаев менен ажырашкандан кийин, нике күбөлүгүбүз жана багып алган кызымдын фамилиясы жокко чыгырылды. Жолдошум мага 10 млн. сомдук моралдык доо коюп сотко кайрылды. Мен моралдык доодон коркуп кетип, өзүмдүн жашаган үйүмдү сиңдим Айгүл Токоевага барып “үйдү өзүңө өткөрүп турчу” десем, ал мага досу Айсулуу Ирисалиеваны таап берди. Айсулуу менин үйүмдү өзүнө өткөрүп турду. Бир жылдан кийин Айсулуу “өзүм үй сатып алдым, үйүңү өзүңө өткөрүп ал” - деди. Ошол учурда Россиядан неберелерин карап жүргөн бир тууган эжем Турсун Усманова келип калды. Анан Айсулуу Ирисалиева нотариус Замир Козуев аркылуу бир тууган эжем Турсунга убактылуу үйдү өткөрүп берген. Ошентип үйдө эжем менен чогуу жашап жүрдүк. 2017-жылы эжем Турсун Усманова мени бычак менен коркутуп, “үй меники, өлтүрөм” – деп үйдөн кууп чыкты. Ошондон кийин эжемди сотко бергемин. Сотко келгенде нотариус Замир Козуев эжеме 600 миң, Айсулууга 500 миң сом жазып койгонун билдик. Айсулуу айтып жатат: “Бул үйдү Майрамга апасы белек катары өткөрүп берген экен. Мен Майрамдан акчага сатып алган эмесмин, ошол себептен үйдү кайра өзүнө берейин деп жатса, эжем үйдү сатып алгамын деп бербей жатат.

Курбум Айгүл “менин эжем Майрамкан Тешебаеванын Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүндөгү 32-үйүн күйөөсү Осмонбек Тешебаев менен соттошуп жатканына байланыштуу өзүңө убактылуу өткөрүп турчу досум” – дегенинен, мен мамлекеттик каттоосу бар “ИНД.код 3-05-12-1007-1624” бул үйдү проблемасы бүткөнчө өзүмө өткөрүп тургамын. Майрамкан мага үйдү саткан эмес. Мен жөн эле убактылуу өзүмө өткөрүп тургамын. Менин М.Тешебаевага эч кандай карызым жок. Анын да мага карызы жок. Мен үйдү 24.11.2014-жылы өзүмө убактылуу эле өткөргөм. Майрамкан мага үйүн саткан эмес. Анан 2015-жылы менин кыздарым үй алып, “апа үйдү өзүңүзгө өткөрүп алыңыз” – дешти.

Мен ойлопмун бир адамга бир эле үй жазылыш керек экен деп, Майрамга: “Үйүңдү өзүңө өткөрүп ал, мен да кыздарым алган үйдү өзүмө каттатам”- деп айткамын. Ошондо ал үйдү бир тууган эжеси Турсун Усмановага 14.09.2015-жылы өткөрүп бергемин. Майрамдын үйүн Турсун эжеге саткан эмесмин, жөн эле өткөрүп бергемин. Өткөрүп жатканымда Мамлекеттик каттоодо иштеген Замир Козуев, үйдү өткөрүп алып жаткан Турсун Усманова, Юлдаш Калдаров, Майрам Тешебаева күбө болушкан. Мен үйдү Турсун Усмановага саткан эмесмин, жөн эле өткөрүп бергемин. Бирок, нотариус Замир Козуев бизге окуп бербестен туруп эле кагаздарга кол койдурган. Биз да эч бир кагазды окубай туруп эле кол койгонбуз. Баасы да коюлган эмес болчу. Сотко келгенде Майрам Тешебаева мага өткөргөндө 600 миң сом деп баа койгонун, эжеси Турсун Усмановага өткөргөндө 500 миң сомго сатты деп баасы коюлганын уктум. Акчасы жок эле убактылуу өткөрө тургандыгыбызды таксиде баратып сүйлөшкөнбүз. Аны уккан таксисттин да түшүнүк каты бар. Ошол себептен, Жаңы-Арыктагы Майрам Тешебаеванын үйү эжеси Турсун Усмановага эч кандай тиешеси жок, - дейт Айсулуу Ирисалиева.

Бир туугандар ортосундагы үй талашты соттор карап, бирок үйдүн ээси Майрам Тешебаева чындыкка жетпей келе жатат. Сузак райондук сотунун 12.05.2017-жылдагы чечимини негизинде М.Тешебаеванын доо арызы толугу менен канааттандыруусуз калтырылган. Ал эми Жалал-Абад облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы ишти апелляциялык тартипте кароо менен 14.07.2017-жылы жаңы чечим кабыл алган. Анда Айсулуу Ирисалиева менен Турсун Усманованын ортосундагы Таш-Булак айыл аймагындагы Жаңы-Арал айылында жайгашкан Апсаматов көчөсүндөгү 32-үйүн жер тилкеси менен 14-сентябрь 2015-жылдагы сатуу-сатып алуу келишими жараксыз деп табылсын деген чечим чыгарылган.

Жогорку сот бул ишти 22-ноябрь 2017-жылы карап, бирок Сузак райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койгон. Жогорку соттун токтомунда Сузак райондук сотунда жана Жалал-Абад облустук сотунда айтылбаган фактылар келтирилген. Анда Жогорку соттун судьялары 14.10.2008-жылы Мавлянова Майрамдын жазган тил катына басым жасашкан экен. Ал тил катта: “Мен Мавлянова Майрам Усмановна Турсундун сиңдиси эжемин калган 1020 акчаны алдым. Үйдөн кайыр-дообуз жок. Махмуджандан баарын толугу менен кутулдум. Үйдү өзүнө өткөрүп алса болот. Документти ээсине бердим” – деген жазуулар бар.

“Мен 14.10.2008-жылы эжем Турсун Усманова Россияда жүргөндүктөн, ал өзүнө тиешелүү болгон Сузак районуна караштуу Чолок-Терек айылында жайланышкан турак-жайын Махмуджанга сатып, турак-жайдан калган 1020 сомду мен алып, үйдүн кызыл китебин бергемин. Азыр билсем, КР Жогорку соту менин арызымды кароодо 22.11.2017-жылдагы токтомунда ушул тил катта жазылган 1020 (бир миң жыйырма) сомду 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча алган деп көрсөтүшүптүр. Мындан сырткары, мен 120 000 сомго саткан болуп калгамын. “Консалтинг-маалымат борборунун” 30.06.2017-жылга түзгөн базар баасы 3 619 000 (үч миллион алты жүз он тогуз миң) сомду түзөт. Эми бул сандардын айырмасына соттор тарабынан ар тараптуу, объективдүү, мыйзамдуу баа берилет деген үмүттөмүн”, - дейт М.Тешебаева.

Жогоруда көрсөтүлгөн сандар талашынан улам пайда болгон жаңы ачылган жагдайга байланыштуу Майрам Тешебаева жана Айсулуу Ирисалиева Сузак райондук сотуна 2018-жылы ноябрь-декабрь айларында Турсун Усманованын үстүнөн доо арыз менен кайрылышкан. Ал эми талашта турган үй дагы эки башка инсанга сатылып кетти. (Маалымат Анархан Жаңыбаеванын калемине таандык).

--Учурда туура эмес чечим чыгарган соттордун үстүнөн арызданып президент Сооронбай Жээнбековго Кайрылууга тууа келди. Тилекке каршы биздин маалыматтар ал кишиге жетпейт экен, деп кошумчалады Майрамкан Тешебаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости