www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Замандаш" "занит" бекен, Бакыт мырза?

19-ноябрь президенттик шайлоо күнү деген кабар аба менен тең айланып, ажо болом деп оолуккандардын бир тобунун акылынан адаштырып,  абдыратып салды көрүнөт. Дегеним, саясатта салмагы бары да, жогу да ажо болуп көрсөмбү деген куру кыялдын курмандыгына садага чабылып, алабармандары штаб түзүп, бир даары  эл кыдырып, жер кыдырып кетишти.

Айтор ар ким өз дараметине жараша арабасын айдоо менен алек. «Өнүгүүчү» Бакыт Төрөбаев да президент болчумун деп оолугуп, ээрди эртерээк ээлеп алайын дедиби, же башка дагы ою барбы, айтор  «чү» дегенде эле эмоциясын эптей албаган Эргешович өзү түзгөн «Өнүгүү» партиясы менен «Замандаш» партиясы тандем кылып, талапкер катары өзүн таптап атканын жар салган. Кантсе да саясатта жүрүп, анча-мынча мандемдүү тандемдин далайын көрүп калган жайы бар да. Же популизмден алыс, элге иши, эмгеги менен таанылып, калктан кадыр-барк күткөн «Замандаш» партиясына кошула койсом эле колдоо таап кетем дегенби, көп өтпөй «замандашчылар» Төрөбаевдин сөзүн төгүнгө чыгарып, эч кандай биригүү, тандем тууралуу сөз болбогонун шардана кылышты. Б.а. «Замандаш» ассоциациясы менен «Өнүгүү» фондунун ортосунда миграция маселесинин алкагында гана меморандумга кол коюшкан.

Миграция маселеси курч болуп жаткандыктан ушул көйгөйдү жоюу алкагында «Замандаш» ассоциациясы мигранттарга жардам берүү ниетинде кызматташууга макул болгонун кабарлашты. Көзүнө президенттик тактыдан башка эч нерсе көрүнбөй жаткан Төрөбаев ассоциация менен партияны айырмалай албай калганына таңданган кыргызстандыктар, жаза-тайып такка жетип, төрө болсо кыргыз элинин камчысын чабаарынан уже эле үмүтүн үзө башташты. Дегеле шайлоо жакындаганда тууган-тааныш издеп, көңүл сурап, жылуу сүйлөп, кулакты ийлемейди качан токтоор экенсиңер, ия?

Булак: "Мантыш"


 

Последние новости