www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, оппозициялык көз караштагы саясатчы Равшан Жээнбеков менен президенттин Европага барган сапары боюнча ой бөлүштүк.

-Атамбаевдин Европага барган иш сапары Кыргызстанга келе турган 23 миллион евро менен жыйынтыкталдыбы же биз байкабай калган ийгиликтер да болдубу?

-Мен президенттин Европага, Брюселге эмнеге барганын элчи, саясатчы, тышкы саясатты түшүнгөн адам катары  түшүнгөн жокмун. Адатта мамлекет башчысы Европага бара турган болсо, маанилүү сүйлөшүүлөрдү, маанилүү келишимдерге кол койгонго барат. Бирок, президент Атамбаевдин Европага барып келгени боюнча маанилүү эч нерсе көрө алган жокмун. 23 млн.евро  мурун эле чечилген маселе болчу. Ал каражатты  Европа кеңеши  Атамбаев барса да, барбаса да бермек. Ошон үчүн ага президент эмес, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кол койду. Атамбаевдин эмне максат менен  барганын түшүнгөн жокмун дегеним  Мюнхендеги коопсуздук боюнча жыйында сүйлөгөн жок. Ошондой эле башка  саясый аянтчага да барган жок. Болгону,  Евронюска барып,  катардагы эле маек берди. Маанилүү нерселерди сүйлөп, чоң ачылыш деле жасаган жок. Мүмкүн, акыркы убактарда Россия менен Кыргызстандын  мамилеси солгундап баратканына байланыштуу,   Россияга кандайдыр бир каршылык көрсөтүү максатында баргандыр  деген ойго келип жатам. Себеби, ал жерден 2010-жылдагы кандуу окуяны Россиянын атайын кызматтары жасаган деп  кыйытты. Ошон үчүн аларга протест катарында бардыбы деген ойдо болуп жатам. Ошондой эле казактар жөнүндө дагы жагымсыз нерселерди айтты. Балким, ошолорду айтуу үчүн баргандыр деген да ой жаралып жатат.

-Бирок, анткениңиз менен Атамбаевге “демократиянын архитектору” деген комплимент айтылды го?

-Атамбаев эч качан демократиянын архитектору боло албайт. Тескерисинче, ошол 2010-жылы элдик толкундоолор менен бийликке келип, элдин аракети менен ишке ашкан чоң-чоң ийгиликтерди тескерисинче алты –жети жылдын ичинде жок кылууга аракет кылды. Биринчиден, коррупция менен күрөшө алган жок. Жыйынтыгында Кыргызстан дүйнөдөгү коррупциялашкан мамлекеттердин катарында калды. Экинчиден, Атамбаев мамлекетти башкарууда, экономикада тышкы саясатта эч кандай өзгөрүү кыла алган жок. Мурун кандай оор абалда болсо, азыркы күндө ошондой эле оор абалда калдык. Демократия тууралуу сөз кыла турган болсок, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын басымы саясатчыларга, эркин адамдарга, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, социалдык түйүндө сөз эркиндигине басым күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Ошондуктан, Атамбаевди кээ бир дежур саясатчы, саясат тануучулары гана демократиянын архитектору деп айтпаса, түшүнгөн адам Атамбаевди демократиянын архитектору деп айтууга оозу барбайт.

-Айрым адамдар Европага барып, кол коюлган каржат Кыргызстанга келбей да калышы мүмкүн дешип жатат го? Алардын Кыргызстандан башка да чечилбей жаткан көп маселелери бар деп...

- Азыр кол коюлган 23 млн. евро келет. Анткени, мамлекеттер деңгээлинде 20-23 млн. евро майда-чүйдө акча деп эсептелинет. Ал каражат чечилип, бөлүнүп, бюджетинде карлган акча. Ошондуктан, аталган каражат  келбей калышы мүмкүн эмес. Ал сөзсүз түрдө келет. Анткени,  Европа мамлекеттери, европа кеңеши  системалык уюм. Алар кандайдыр бир чечим кабал ала турган болсо, ал чечим сөзсүз түрдө аткарылат. Авторитардык коңшуларыбыздай болуп, каражат берип алып, кайра баш тартпайт. Чек арасын ачып алып, кара жаап салбайт. Мактап алып кайра жамандабайт. Демократиялык мамлекеттерде система, чечим толугу менен иштейт.

-Европага барганда Атамбаев жолуккан адамдардын көпчүлүгү мураскериңиз ким деп сурашты. Бүгүн чындап эле Атамбаев эртең ким президент болоорун билбейби?

-Бул нерсе биздин президентибиз өзү үчүн жаңы мамлекет, жаңы дүйнө түзүп, өзү үчүн башка чөйрө түзүп алганынын далили болуп жатат. Биздин президент кыргыздар жашаган, көпчүлүк элибиз, саясатчылар жашаган мамлекетте жашабайт. Башка бир мамлекетте жашап жатат. Президент жашап жаткан мамлекет аябагандай таза, тартиптүү, демократиялуу. Мыйзамдар толугу менен сакталат. Ал мамлекеттин президенти аябагандай идеялдуу, бардык реформаларды жасап таштаган. Кыргызстанда Атамбаев өзү жалгыз кошоматчылары менен жашап жатат. Биз жашаган реалдуу Кыргызстандын проблемалары абдан көп. Ал жерде күчтүү президент да болгон жок. Тескерииснче, 6 жыл ичинде эл аралык мамилелерди изоляцияга алып келди. Мамлекет үчүн эч кандай өзгөрүүлөрдү жасай алган жок. Мамлекет оор экономикалык абалга алып келип,  социалдык кризистерге такап, тышкы карызды асмандын башына чыгарган мамлекет болуп калды.

-Бийликти басып алды деп камакка алынган оппозиционерлердин прокурор  22 жылдан 15 жылга чейин сурап жатат. Сот ошончо жылга камалсын деген чечим чыгарып койбойбу?

-Биздин сотторго жана сөз кылган  башка мамлекетте жашаган бийликтерибиз команда берсе, ал ишке ашат. Анткени, сотторубуз да президент менен кошо ошол мамлекетте жашашат. Себеби, ошол соттордун бардыгы президентке жана аларды кызматка койгон  адамдарга баш ийет. Алардын айтканын кылбай турган болсо, алардын бардыгын тең кызматтан алынат. Ошондуктан, соттор  ак үйдөн кандай көрсөтмө келсе, ошону аткарышат. Мен камакка алынган саясатчылар менен аралашып жүргөн адам катары так айта алам. Мен да алардын айрым чогулуштарында катышкам.  УКМК аңдып, жыйынды жаздырганда мен да бар болчумун. Бирок, мен так айта алам. Камакка алынгандардын бирөөсү дагы мамлекетке төңкөрүш жасайлы деп системалуу түрдө даярданып, куралданышкан эмес. Ар бир жерге ячейкаларды түзүп, акчаларды таратышкан эмес. Ошондуктан, аларды  мамлекеттик төңкөрүш кылабыз деп түздөн-түз катышып, даярданышкан деген күнөө коюп, камакка алган туура эмес.  Буларды камап, айрым саясатчыларды коркутуп, бийликти сыйлабаган адамдарды чочулатып,  бийлигимди сактап,  өзүмдүн мураскеримди коркутуу жолу аркылуу болсо да алып келем деп аракет жасап  жатат.

-Алманбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иш “Атамекеничлерге” жасалган чабуулбу же парламенттеги оппозицияны алсыздандыруубу?

-Бул түздөн-түз президентке жана анын тегерегиндегилерге сын айтып жаткандарды жазалоо болуп эсептелет. “АтаМекенге” кайрыла турган болсо, парламенттеги эң күчтүү, радикалдуу, Атамбаевден жана анын тегерегиндегилерден коркпостон, салгылашкан депутаттар болуп эсептелет. Аларга козголуп жаткан кылмыш иштин баары парламентте бийликке каршы чыккан депутаттардын үнүн басуу деп түшүнсөк болот. Бүгүнкү күндө парламентте “Ата Мекендин”2-3 гана депутаты үн катып, башка депутаттардын  баары балык болуп, мага да кылмыш иш козголуп кетпесин деп коркуп, унчукпай отурушат.

-“Ата Мекен” партиясына ыргытылган укурук дагы кимге илиниши мүмкүн? Кезек кимде?

-“Ата Мекен” партиясына кылмыш иши козголгондордун катарында Салянова, Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев бар. Текебаевге эмне кылаарын билбей айлаларын таппай жатат. Бизде бийликке каяша айтып, сындаган кишилерге ар нерсени чампалап, 10-15 жыл мурдагы иштерден эптеп, бирдеме таап, кылмыш ишин козгой берет. “Ата Мекендин” калган депутаттарынын баары балык. Алардын бирөөсү дагы “Ата Мекен” партиясы бийлик менен конфликтке барып, саясый карама-каршылыкка барып жатса да, партиялашыбыз, партиябыз катарында бир жээкте болушубуз керек дебей башын көтөрбөй отурушат. Алар бийликтен коркконунан кошомат кылып отурушат. Эгер ушуну менен турса, мүмкүн кылмыш ишин козгобойт. Акыркы убакта дагы бир депутат унчукпай калган. Ага карабай Садык Шерниязовго да чабуул башташты.  Жакында Садык Шерниязовго коррупция же мүлк маселелери боюнча кылмыш ишин ачып, же КТР аркылуу каралашы мүмкүн. Анткени, акыркы  5-6 жылдын ичинде бийликте отургандардын баары эле ар нерсени алып,  маселе чечкенге аракет кылышкан. Ошонун баарын көтөрүп чыгышат.

-Дастан Сарыгуловду ушул куракта  камаганы туура болдубу?

-Мыйзам боюнча күнөөсү бар болсо, ошондой эле күнөөсү түздөн-түз далилдене турган болсо, ал жашка карабайт. 90догу адамды да күнөөсү болсо соттосо болот. Бирок, биз бүгүнкү күндө бир нерсени баса белгилешибиз керек. Чынында  Дастан Сарыгуловдун төңкөрүш жасаганга реалдуу кадамдары болгон эмес. Бирок, кандайдыр бир каалоо же кандайдыр бир сөз үчүн саясатчыны же саясий  ишкерлерди камаган туура эмес.  Эгерде мамлекеттик ишмерди камагысы келсе, айныгыс, түздөн-түз далилдер болушу керек. Ал жогоруда айткандай куралдуу даярдык. Каражат маселеси чечилип, ар бир райондордо, айылдарда ячейкалар түзүлүшү керек. Бир сөз менен айтканда, түздөн-түз даярдыктар болушу керек. Эгер алар болбой жөн эле сөз боло турган болсо, Дастан Сарыгулов эмес башкасын да камоого акысы жок. Бийликтегилердин жылдырып жаткан күнөөлөрү саясый куугунтук кылып, өзүнүн оппоненттерин алсыратууга болгон аракети деп түшүнсөк туура болот.

-Карганбек Самаковду да ак жеринен каралап, жок нерселерди токуп, арзыбаган маселе үчүн кылмыш ишин козгоп жатышабы?

-Акыйкаттык үчүн айтып коюшум керек. Самаков боюнча бул маселеге депутат кезимде мен да аралашкам. Самаковдун күнөөлөрү бар. Самаков Бакиевдердин убагында жер алып жатканда туура эмес нерселерге жол берген. Аны байтиктеги элдердин баары билет. Самаковдун маселесин, саясый өңүткө бургандан абайлашыбыз керек. Самаков эч качан Атамбаевге каршы сөз айткан эмес. Атамбаевге кошомат кылып жүргөн саясатчылардын бири болчу. Ошондуктан, Самаковдун ишин саясатка бурбаш керек. Анткени, ал жер маселесинде мыйзам бузууларга, чоң катачылыктарга жол берген.

Чынайым Кутманалиева    

Булак: "Майдан кж"

Последние новости