www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуу мекемесинин айланасында көптөгөн талаш-тартыштар жүрүп келүүдө. Айрымдар билим берүү деңгээли жогору десе, башкалар мындай пикирге каршы. Туркияда былтыр 16-июнда төңкөрүш уюштурууга айыпталып жаткан Фетхуллах Гулендин системасы кыргыз балдар, кыздарын түрктөштүрүп, маңкуртташтырып, түнт, ата-эне, туугандарга кайрымы жок мерез, жалаң түрктөрдүн гана саясатын жүргүзүп калат деп чочулашууда. “Себаттын” негизги өзөгү болгон “Хизмет” кыймылынын жетекчилери аларды “алтын муун” деп этап, келечекте өз планын (кимдин экендиги белгилуу) ишке ашырууга үмүт артышат экен. Башкача айтканда, бүтүндөй улутгун жаштарын маңкуртташтыруу процесси жүрүүдө.

Ал тургай кыргыз бийлигинин 7-кабатында, өкүмдардын оң жагында, муфтиятга ошолор турушары каңкууланып келет. Түркия бийлиги да акыркы жылдары “Себатты” бүткөн окуучуларды өз өлкөсүнүн ЖОЖдоруна кабыл албай жаткандыгын көпчүлүгүбүз эле биле бербейбиз. Ошол былтыркы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Түрк бийлиги расмий Бишкекке “Себатты” жабуу талабын койгондо, биздикилер “өзүбүз билебиз...” деп коюшпады беле.

Ошондой эле Кыргызстан бул окуу жайлар өлкөнүн билим берүү стандарттарына толук жооп берерин айтып келет. Демек, биздин билим берүү стандартыбыз деле башкача... окшойт. Анткен менен жакында Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги өлкөдөгү «Себат» окуу жайларынын уюштуруучуларынын курамына кире тургандыгы белгилүү болду.

Азыр “Себат” окуу жайлар тутумунун жаңы Уставы иштелип чыгып, ал юстиция органдарынын каттоосуна жөнөтүлүптүр. Эми бул мекемеде мурдагыдай эле турк идеологиясы окутулабы же... Күтө туралы.

Булак:  “Майдан.кж”

Последние новости