www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карганбек Самаковду колдоп Нарын районунун 8-март айылы митингке чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү жарандар билдирди.
Эске сала кетсек, сотто жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча 2001-2016-жылдардын аралыгындагы Н. Танаевден тартып Т. Сариевдин Премьер-министрликтеринин убагында 46 миң гектарды трансформациялоо боюнча 180 ушуга окшош токтомдор изилденген.
Анын жүрүшүндө булардын бардыгы Баш прокуратура трансформациялоо боюнча Самаковго каршы иш козгогон токтом менен окшош экени аныкталган. Бирок тергөөчүлөр алардын бирөөнү гана асылышып – Аламүдүн районундагы 262 гектар жерди трансформациялоо жөнүндөгү 2008-жылдын 11-октябрындагы токтомго кастарын тигишүүдө. Ошентсе дагы бир жарым жылга созулган соттук териштирүүдө анын мыйзамсыздыгы эч нерсе менен далилденген жок.
Жалпы 61 күбө суракка алынып, алардын 60ы прокуратуранын дооматын четке кагышып, К. Самаковдун пайдасына сурак беришкен. Прокурорлордун версиясын бир гана күбө – белгилүү алдамчы-рецидивист Нурлан Асанов колдоого алган. Анын жалган күбөлүгүн прокуратура пайдаланган. Нурлан Асанов өзү 8 жолу жазык жоопкерчилигине тартылган…
Булак: “NazarNews.kg”
Төмөнкү видео тасма “kyrgyztimes.kg” маалымат сайтына таандык;