www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирөө мага догурунуп: "Коррупционер деген Сапар Исаков түрмөдө камалып отурат. А, тиги Райым Матраимов деле коррупция кылыптыр, бирок ээн-эркин жүрөт, сен ал тууралуу неге жазбайсың..."-деп доомат айтат.
Чынында Райым миллион жөнүндө көп деле жазган жерим жок. Жазсам Матраимовдор турбай калат... Жазбаган себебим менин сөөк өчтү душманым Дастан Бекешев менен Атамбаев ошол Матраимовдорго каршы катуу чабуул кылып жаткан кези... Эгер мен азыр Райымды жазып чыксам ошол Бекешев менен Атамбаевге жардам кылган болуп калам.
Ошентип таанышыма түшүндүрсөм ал ынанган жок. "Атамбаев, Бекешев, Матраимовдорун бириктирип туруп жаза бербейсиңби"-дейт. Буюрса жазам дедим. Анан С.Исаков камалып Р.Матраимов эркиндикте жүргөнүн түшүндүрүп бердим. Азыркы заманда коррупционерлер да ыймандуу жана ыймансыз болуп бөлүнүп калган окшойт. Жалпыбыз билгендей "биссмилла" айтып кылган иштер адал болот эмеспи. Ошол сыңары Райым Матраимов пара алаарында жана контрабанда өткөрөөрүндө дайыма "биссмилланы"-айтып жүрүптүр. А, тиги Сапар Исаков болсо параны чөнтөгүнө шолоп сауналап кетчү экен. Демек Матраимовдуку "адал коррупция" Исаковдуку "арам коррупция" болуп калыптыр. Значит, арам иш кылган адам түрмөдө отурушу керек да...
Кыскасы азыр өлкөдө "биздин коррупционер, сиздин коррупционерден ыймандураак"-деген абал жаралып калган өңдүү.
Темирлан Ормуков
Булак: NazarNews.kg