www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Биз сизге Азаттык редакциясынын 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши боюнча иликтөөсүнө, Саймаитинин өлүмү жана Раим-миллиондун айланасындагы ызы-чууга байланышкан суроолорду берели дедик эле?

- Сизди конкреттүү эмне кызыктырат?

- Бул жаңжалга кандай карайсыз?

- Сиз жаңжал деп туура айттыңыз, бирок бул саясий деңгээлдеги жаңжал...

- Эмнеге саясий деңгээлдеги?

- Анткени, саясий максат орун алган жана бул саясий жаңжалдын уюштуруучулары өз максаттарына жетишти... Баары ушул тууралуу эле айтып калышты, демек коомчулукка чоң резонанс жаратты...

- Кандай саясий максаттар тууралуу айтып жатасыз?

- Алар абдан көп... Бирок башкы максат - Раим эмес, башкы максат - саясий кырдаалды курчутуу. саясий туруктуулукту дестабилдештирүү... жана андан ары парламенттик шайлоолорго кол сунса жетерлик эле убакыт калат...

- "Азаттыктын" редакциясы саясий максатты көздөп жатат дегенге ишенесизби?

- Кеп "Азаттыктын" редакциясында эмес, кеп алардын кожоюндарында... ким төлөсө ошол музыкага тапшырык берет, нотаны тандайт жана аткаруучуларды дайындайт... Же сиз "Азаттыктын" бишкектик редакциясы ушундай масштабдуу эл аралык иликтөө жүргүзө алат деп чындап эле ойлоп атасызбы... Азаттык - СССРди тараткан, Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылдардагы эки революцияны жасаган "Радио Свобода" дүйнөлүк маалымат желесинин филиалы гана экенин унутпаңыз... Мен ошол жылдарда деле бул радионун активдүү угуучусу болгом.

- Жакшы, бирок сиз иликтөөнүн материалдарына ишенесизби?

- Эмнесине ишениш керек? Саймаити киши колдуу болду дегенинеби? Бул факт. Же аны Раим уюштурду дегенинеби? Эл арасында мындайды "кемпирдин алжыганы жаман" деп коет. Кимдир бирөөнүн ким бирөө менен болгон тааныштыгына карап андан киши өлтүрүүнүн уюштуруучусун табуу - бул маалыматтык согуш, бирок мен Башкы прокуратуранын иликтөөнү башташын колдойт элем. Ушул нерседен бардык фактыларды сууруп чыгып, андан кийин гана жыйынтык чыгарыш керек. Иликтөөдөгү айтылган материалдарга көңүл бурбай коюу такыр болбойт. "Азаттыктын" редакциясынын эмгеги - бийликтин ордунан кыймылдашына түрткү болду.

Булак: "Майдан.kg"

 

 

Последние новости