www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Бишкекте "коррупцияга каршы" деп аталган митинг болуп өттү. Уюштуруучулар бул митингге жалаң жаңычыл көз караштагы чет өлкөдөн окуп  келген жаштар катышканын белгилеп, бул жолкусунда айылдыктар,  маданиятсыз "мырктар" келген жок деп сөз кылгандары болушту.

Алдын-ала болжолдонуп жаткандай нааразычылык иш-чаранын артында мурунку президент  Алмаз Атамбаев,  коррупцияга шектелип камакта жаткандар жана "Азаттыктын" артындагы кожоюндары турат деген маалыматтар айтылган. Айткандай эле, чогулгандарды сырттан байкап, уюштурууга активдүү аралашып Сапар  Исаковдун мурда чогуу иштеген кеңешчилери жүрдү. Мисалы, Гүлнура Төралиева митингди уюштурууда активдүү катышып, маалыматтык саясатын жүргүздү. Дагы бир кеңешчиси Талант Султанов митингде багыт берип жүрдү.

"Азаттык" менен Атамбаевдин, батышчыл күчтөрдүн байланышы мурдатан эле болгон. Убагында "Азаттык" радиосу менен Атамбаевдин ортосунда келишпестик жаралып, президент сотко берип,  ири суммадагы доого жыккан. Ошондон кийин, Атамбаев Эркин Европа Радиосу/Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кентти анын өтүнүчү боюнча кабыл алган. Жолугушууда Венера Жуматаева, Бишкекте өткөн митингдин башында жүргөн Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султанов дагы катышкан.

Ошол жолугушуудан кийин президент Атамбаев доо арызын артка алып,  ал тургай "Азаттыктын" жетекчиси Венера Жуматаеваны каржылык жактан колдоп баштаган. Бул окуядан кийин "Азаттык" мурдагыдай бейтараптуулукту, курч иликтөөлөрдү эмес, социалдык маселе жана Атамбаевдин саясаттагы атаандаштарына маалыматтык сокку уруу менен алектенип баштаган. Атамбаев бул үчүн радиого каршы 20 миллиондук доо-арзынан баш тарткан.

Бүгүнкү күндө булардын ортосундагы жылуу мамиле мурдагыдан дагы бекемделди. Ага, Американын Кыргызстанга баш аламандык кылып, ал аркылуу Орто Азияга таасирин жайылтуу аракети менен камакта жаткан коррупционерлердин тополоң кылуу тилектери бир жерден чыккандай. Ошол себептүү булар биргеликте аракет көрүп жатканын түшүнсө болот.

Эгер унута элек болсоңор, Сапар Исаков 12ден ашык кеңешчи алып, "алар Европа жана чет өлкөлөрдөн билим алып келишкен. Креативдүү жаштар"-деп айткан. Кечээки өткөн митингде дагы ушул сөздү колдонуп, "эң манаилүүсү - митингге билимдүүлөр, креативдүү жаштар, чет элде жана АУЦАда окугандар келди"-дешти.

Жөн гана креативдүү жаштар келгенин белгилебей, "мурда митингдерге мырктар аралашат эле, бул жолу шаардыктар өзүбүз чыктык" -дешти. Мындай технология "Креативдүү Сапар Исаковдун кеңешчилеринин" кеңеши деп так айтууга болот.

Мунун бары эмнеге жасалып жатат жана ушул убакытка коюлду? Митингдин талабы "Райым Матраимов камалсын!"-деген ураан аркылуу азыркы бийликти каралоо. Экинчиси, ТЭЦти модернизациялоодон каракталган окуя боюнча сот чечим чыгарганы жатат. Ага башкы шектелүүчү Сапар Исаков. Ушул окуяларды элдин көңүлүнөн буруп кетүү, чыныгы коррупционерлерден элди башка жакка алаксытуу аракети. Чиелешип, бирок сырдын түйүнү бир жерден кошулган чындык мына ушундай. Кыргызстанга  - Америкачыл жана коррупцияга шектелип кармалгандар баш аламандык уюштуруу тилектери бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости