www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстанда өткөн аймак башчысын шайлоодо Рамзан Кадыров 99,85% добуш алды.

Бул тууралуу ТАСС Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын 100% протоколдору иштелип чыккандан кийинки маалыматына таянуу менен билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2016-жылдагы шайлоодо Кадыров 94,8% добуш алган болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 99,7% түзгөн.

2026-жылдагы шайлоодо Кадыровдон тышкары Чеченстандын Коомдук палатасынын төрагасы Исмаил Денильханов («Справедливая Россия» партиясы) жана Чеченстан парламентинин депутаты Халид Накаев (КПРФ) талапкер болгон. Алардын ар бири 0,05% добуштан алышкан.

Ошондой эле Орусиянын дагы жети аймагында башчыларды шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, учурдагы губернаторлор алдыда келе жатат.

Мордовияда Артем Здунов 78,74%, Тывада Владислав Ховалыг 90,95%, Белгород облусунда Александр Шуваев 65,97%, Брянск облусунда Егор Ковальчук 68,03%, Тверь облусунда Виталий Королёв 69,8%, Пенза облусунда Олег Мельниченко 70,92%, Ульяновск облусунда Алексей Русских 76,65% добуш алган.

Последние новости