www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда КМШ байкоочулар миссиясынын Россиянын Мамлекеттик Думасына өткөн шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Шайназаров 18–20-сентябрда өткөн шайлоодо жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессинин уюштуруучулук жана технологиялык жактан даярдыгы жогору болгонун белгиледи. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишине токтолду.

Анын айтымында, шайлоо өзгөчө шарттарда өткөн. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттардын колдонулушу менен байланышкан чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын айрым мүчөлөрү жабыркаган.

Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүнү каалады.

КР БШКнын төрагасы татаал шарттарга карабастан жарандардын шайлоого катышуусу жогору болгонун белгиледи. Анын маалыматына ылайык, шайлоочулардын катышуусу болжол менен 58 пайызды түзгөн.

Сөзүнүн соңунда Тынчтык Шайназаров Россиянын жарандарын шайлоонун өткөрүлүшү менен куттуктап, өлкөгө тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана ийгиликтерди, ал эми Мамлекеттик Думанын тогузунчу чакырылышынын депутаттарына жемиштүү иш каалады.

Последние новости