www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 19-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышты. Жолугушууда бир катар маселелер көтөрүлүп, алардын ичинен саясатчы жана коомдук ишмер Равшан Жээнбеков реформалар боюнча Улуттук кеңеш түзүү сунушун айткан. Бул идеяны Президент колдоп, Р.Жээнбековдун өзүн Кеңешти түзүп, жетектөөгө чакырган. Грузия, Армения, Өзбекстандын фонунда Кыргызстандагы реформалык иштер кечеңдеп жаткандай таасир өсүп бараткандыктан, бул идея коомдун кызуу талкуусуна алында. Ошондуктан, NazarNews маалымат агенттиги демилгенин авторунун бул боюнча пикирине кызыгып, Равшан Жээнбеков менен байланышты.
- Сиздин реформалар боюнча Улуттук кеңеш түзүү жөнүндө сунушуңузду Президент колдоп, келип аны түзүп, жетектеп берүүгө чакырган турбайбы?
- Ошону айткан, бирок ал эми мындай сөз катары эле, жөн эле сөз го дейм.
- Бирок, аны расмий деңгээлге чыгарса болот го дейм.
- Билбейм эми, аны өздөрү чечиш керек. Расмий сунуш болмоюнча азыр... Эми элдин баары укту, албетте.
- Эгерде расмий сунуш түшсө, Сиз эмне кылмак элеңиз?
- Түшө турган болсо, анда ойлонобуз да. Кандай шарттар болот, эмнелерди кылууга шарт түзүлөт, кандай мүмкүнчүлүктөр болот, кандай ыйгарым укуктар берилет? Анткени, ыйгарым укук берилбесе эч нерсе кыла албайсың.
- Сизде реформалар боюнча кандайдыр бир пландарыңыз барбы?
- Бар. Мен өмүр бою эле реформалар боюнча айтып келе жатам. Биз эми негизинен сот менен укук коргоо органдарынын реформасы деп сүйлөшүп жатабыз. Сөз ошонун айынан келип чыгып жатат. Биринчи жок дегенде ошолордон баштайлы. Албетте, башкаларына азырынча мүмкүнчүлүк жок, бирок акча талап кылбаган жерлерди, башкаларын кыла берсе болот. Негизи азыр ушул сот менен укук коргоо органдарын тезирээк баштаганга кичине шарт түзүлүп турат.
- Аларга чыгым керек болобу?
- Ооба, чыгым керек. Бирок, аларды кандайдыр бир деңгээлде башын баштаса болот. Бирок, биз баары бир эл аралык уюмдарга, донорлорго, өзгөчө Батыш өлкөлөрүнө кайрылышыбыз керек. Сот жана укук коргоо реформасын негизинен Батыш мамлекеттери эле каржылайт. Бул биринчи маселеси. Экинчиси, мыйзамдык өгөртүүлөр; үчүнчүсү кадр даярдоо, аларды окутуу; төртүнчүсү кандайдыр бир жаңы структураларды даярдоо; анан саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен коомдук-саясий түшүндүрүүлөр. Ушулардын бардыгын тегиз алып кетиш керек. Эгерде тегиз алып кетпей, бир-экөөсү калып кала турган болсо, анда реформа ишке ашпай калат.
- Эгерде ушул иштерди баштоо мүмкүнчүлүгү берилип калса, Сиз ошол реформаларга кандайдыр бир каражат таба алат белеңиз? Мисалы, ошол эле Батыш мамлекеттери, донор уюмдардан дегендей...
- Эми бул айланып келип биринчиден Президент менен Премьер-министрдин саясий эркине байланыштуу болот. “Кылабыз” деп жатат, мен муну Президенттин сөзүнөн да байкадым. Бирок, реалдуу аракеттер болушу зарыл. Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүү жүргүзүшүбүз керек. Мен билем, эгерде Президенттин чечкиндүүлүгү, кадамдары көрүнүп, бир жакшынакай команданы кура турган болсок, АКШ адатта ушул тармакты сөзсүз каржылай алат. Экинчиси, бул багыттарды Европалык Кеңеш каржылайт, Япония жардам бере алат. Мындан тышкары, эл аралык уюмдар, Дүйнөлүк Банк, Эл аралык валюта фонду, атайын ушул багытка адистешкен ЕККУ, ЕС сыяктуу башка уюмдар. Булар менен сүйлөшүп, каражат маселесин чечкенге аракет кылса болот. Бирок, башын баары бир өзүбүздүн күчүбүз менен башташка туура келет.
- Президенттин эркинен тышкары бул жерде мамлекеттик машина, мамлекеттик бюрократия деген түшүнүк бар да. Ошолор Сиздин идеяларыңызды ишке ашырууңузга мүмкүнчүлүк береби?
- Мен “кандай шарттарда болот?” деп ошон үчүн айтып жатам. Эгерде жөн эле, шарты жок болсо, анда ал ишке ашпаган нерсе болуп калат. Эгерде шарт, ыйгарым укуктар менен бериле турган болсо... Расмий сунуш болсунчу, расмий сунуш болбосо мунун баары сөз катарында калат. Андан кийин гана шарттарды, анын юридикалык кандайдыр бир негиздерин, ошол уюмдун ыйгарым укуктары кандай болот, реформа жагынан башка министрликтер менен, укук коргоо органдардын үстүнөн талаптарды койгонго мүмкүнчүлүк болобу-болбойбу, мыйзам иштеп чыгуу процедуралары – ушулардын баардыгын карап чыгышка туура келет. Андан башка, сөзсүз түрдө команда маселеси, Кеңешке кандай командаларды топтойбуз, кандай адамдар мүчө болот, аткаруу уюму кандай болот? Анткени, анын бардыгы жаза турган, күнү-түнү иштей турган, ойлоно турган иштер. Бир эле чуркап иштей турган нерсе эмес, аналитикалык дагы нерселер да. Идеяларды чогултасың. Мына ушулардын баарын чечишке туура келет.
- Демек бул бир нече этаптан, бөлүктөрдөн турат экен да. Биринчи кезекте мыйзамдык платформа түзүш керепи? Биздин көп укуктук документтерибизди реформалык идеяларга туура келтириш керек болот да.
- Ооба. Мыйзамдык концепция түзүш керек. Бизде, байкасаңар, комиссия түзүп эле укуктук базаны өзгөрткөнгө аракет кыла беришет. Ал иштебейт. Жанагы мен айткандай эле, биз баардык багытын бирдей алып кетпей турган болсок, укуктук база маселе чечпейт бизде. Бизде мыйзамдар жалпысынан жакшы эле. Бирок ал мыйзамдарды иштетпей турган көп шарттар бар. Маданий, структуралык шарттар, кадрлардын даяр эместиги, профессионализмдин жоктугу, акчанын жоктугу. Ошол бойдон калып калат, болду.
- Демек, Сиз айткан реформаларды жүргүзүш үчүн бир канча убакыт керек болот экен да?
- Мен ойлойм, эки айда башын баштап жиберсе болот.
- Азыркы иштеп жаткан мыйзамдар менен баштап кетсе болбойбу? Армениянын, Грузиянын мисалында...
- Болот. Отуруп мыйзамдарды карап чыгыш керек. Кээ бир маселелерде Президенттин ыйгарым укуктары бар, указдык негизде аткарыла турган. Кээ биринде Өкмөттүн ыйгарым укуктары да бар, токтомдук негизде аткара турган. Үчүнчүсү, мыйзамдык демилгелер. Ар бирин өз-өзүнчө карап чыгыш керек. Президенттин ыйгарым укуктарында эмне маселелер бар болсо, ошолорду Президенттин указдары менен чечсе болот, Өкмөтүн ыйгарым укуктары менен кете турган болсо, Өкмөттүн токтому менен аткарып. Аны отуруп баарын анализдеп чыгыш керек.
- Демек, Сизге расмий сунуш түшсө, барып иштөөгө макул экенсиз да...
- Эми расмий сунуш түшсө макулмун деп айталбайм. Бирок, ойлонуп көрсө болот. Азыр айтканымдай, шарттар ылайыктуу болсо, анда иштесе болот.
Кубатбек Айбашов, NazarNews.kg